2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫ СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНАЛАРГА КАТТОО ЖАНА АРЫЗ КАБЫЛ АЛУУ


  • 2026-05-24

2026–2027-окуу жылы үчүн студенттик жатаканаларга арыздар 25.05.2026 – 12.06.2026 аралыгында кабыл алынат. 25.05.2026 күнү саат 13:00дө арыз берүү баракчасы активдүү болот! Арыздар онлайн түрүндө, ар бир студент тарабынан ОБИС системасына колдонулган сырсөз менен кирүү аркылуу жүргүзүлөт.

Урматтуу студент, арызыңызды тапшырууда төмөндө көрсөтүлгөн кадамдарды аткарыңыз!

  1. ОБИС системасына колдонуучу атыңызды жана сырсөзүңүздү жазып кириңиз,
  2. «Жатаканага арыз берүү» бөлүмүн басыңыз,
  3. Ачылган арыз баракчасында талап кылынган бардык маалыматтарды толук жана так толтуруңуз,
  4. Бүтүргөндөн кийин акыркы жолу текшерип чыгыңыз,
  5. Акырында барактын төмөн жагында жайгашкан «Сактоо» баскычын басып, арызыңызды жыйынтыктаңыз!
  6. Ошондой эле, арызыңыз ийгиликтүү аяктагандан кийин экран сүрөтүн (screenshot) алууну унутпаңыз!

 

Q Арыз берүү боюнча маанилүү эскертүүлөр:

    АРЫЗ БЕРҮҮДӨН МУРУН КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ:

  1. Студенттик жатаканага катталуунун биринчи шарты — арыз берүү болуп саналат. Арыз бербеген студенттердин жатаканага жайгашуусу мүмкүн эмес.
  2. Жатаканага берилген арыздар бир гана жылды камтыйт, ошондуктан бул арыздар 2026–2027-окуу жылы үчүн гана жарактуу. Кийинки жыл үчүн арыздарды кайра жаңылоо талап кылынат.
  3. Жатаканага арыз берүү башталган учурда 28 жашка чыккан бакалавриат жана орто кесиптик билим берүү студенттеринин, ошондой эле 36 жашка чыккан магистратура жана аспирантура студенттеринин арыздарын система кабыл албайт.
  4. Жыл аягында кайтарылып берилүүчү 5 000 сом көлөмүндө депозиттик төлөм ар бир студенттен алынат.
  5. Баалоо системасынын негизинде арыздары каралган студенттер алган упайларына жараша жогорудан төмөнгө карай иреттелет. Натыйжада студенттердин бир бөлүгү негизги тизмеге, калгандары резервдик тизмеге киргизилет. Жатаканада бош орун пайда болгон учурда резервдик тизмедеги студенттер кезеги менен чакырылат.
  6. Студенттик жатаканаларга студенттерди киргизүү 01.09.2026 күнүнөн тартып башталат. Бул күндөн мурда студенттерди киргизүүгө такыр уруксат берилбейт.
  7. Жатакананын төлөмү жатаканага кирүүдө көрсөтүлгөн эсеп номерине которулат.

Төлөмдөр жылдык негизде алынат, бөлүп төлөө мүмкүн эмес. Банктын төлөм

 

дүмүрчөгү жок болсо, студент жатаканага кабыл алынбайт жана каттоо жүргүзүлбөйт.

  1. Жатаканада жашоо укугу ар бир студенттин жеке укугу болуп саналат жана бул укук расмий түрдө башка адамга өткөрүлүп берилбейт.
  2. Өз кезеги келгенине карабастан, каттоо мөөнөтүндө каттоодон өтпөгөн студент катталуу укугунан баш тарткан болуп эсептелет.

Жатакана төлөмдөрү:

2026–2027-окуу жылынын академиялык календарына ылайык жатакана төлөмдөрү төмөнкүдөй:

 

A БЛОК

B БЛОК

C БЛОК

БАРДЫК ДАЯРДОО КУРСТАРЫ

19.000 СОМ

15.200 СОМ

11.400 СОМ

ЧОН КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ

18.000 СОМ

14.400 СОМ

10.800 СОМ

МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕН

ТАПШЫРА ТУРГАН ЧОН КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ

 

20.000 СОМ

 

16.000 СОМ

 

12.000 СОМ

БАРДЫК БҮТҮРҮҮЧҮ КУРС

СТУДЕНТТЕРИ

20.000 СОМ

16.000 СОМ

12.000 СОМ

 

ЖАТАКАНА ТӨЛӨМДӨРҮ ЖЫЛДЫК НЕГИЗДЕ ЧОГУЛТУЛАТ!!

 

? Каттоо процессиндеги маанилүү даталар:

Арыздарды кабыл алуу

25.05.2026 – 12.06.2026

Маалыматтарды баалоо

22.06.2026 – 26.06.2026

Упайларды эсептөө

29.06.2026 – 17.07.2026

Негизги жана кезек (резервдик) тизмелерди жарыялоо

03.08.2026 – 07.08.2026

Негизги       тизмедеги       студенттерди       жатаканага

каттоолору

01.09.2026 – 25.09.2026

Бош орундар үчүн кезек тизмеден каттоо башталышы

28.09.2026 күнүнөн тартып

    Социалдык медиада бөлүшүү