2025-жылдын 12-июнунда Астана шаарында Казакстан Республикасынын Парламентинин уюштуруусунда Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XIV пленардык отуруму болуп өттү.
“TURKTIME: Парламенттик дипломатиянын ролу” аталышында өткөн жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Түркиянын, Азербайжандын, Өзбекстандын парламенттеринин жетекчилери, Түрк кызматташтык уюмдарынын, байкоочу уюмдардын жана башка мекемелердин, анын ичинде - Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин, Эл аралык Түрк академиясынын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун, Кара деңиз экономикалык кызматташтыгынын Парламенттик Ассамблеясынын, ИКУга мүчө мамлекеттердин Парламенттик Биримдигинин, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференциянын, Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун башчылары жана өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен проректор, профессор Камалбек Карымшаков катышты.
Жыйындын күн тартибинде укуктук документтердин долбоорлорун, туруктуу комиссиялардын отчетторун, сунуштамаларын кароо жана кабыл алуу, “ТүркПАга мүчө өлкөлөрдө жашоого уруксат алууну жеңилдетүү”, “Мугалимдин статусу”, “Экономикалык ишмердүүлүктө таза энергия” жана “Экологиялык билим берүү жана эл агартуу жөнүндө” моделдик мыйзамдардын долбоорлорун, ТүркПАнын шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу отчетторун кабыл алуу каралды. Мындан тышкары, туруктуу комиссиялардын төрага орун басарлары, ТүркПАнын Башкы катчысы жана анын орун басары шайланды.
Пленардык отурумдун жүрүшүндө ТүркПАга мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык, социалдык жана парламенттик деңгээлдеги байланыштарын мындан ары да чыңдоого көңүл бурулуп, баяндамалар жасалды.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан катышкан проректор, профессор Камалбек Карымшаков жыйында сүйлөгөн сөзүндө дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү жана түшүнүүнү колдоо, эл аралык академиялык тармактарды бекемдөө кызматташуунун негизги багыттары экенин баса белгиледи. Профессор Карымшаков изилдөөчүлөрдүн, окутуучулук курамдын жана студенттердин мобилдүүлүгүн колдогон алмашуу программаларын активдештирүү, университеттер менен илимий мекемелердин биргелешкен илимий долбоорлорун колдоо механизмдерин иштеп чыгуу чоң мааниге ээ экенин айтты.
Орхун алмашуу программасын кеңири жайылтуу жана натыйжалуу кылуу түрк мамлекеттериндеги жогорку окуу жайлардын ортосундагы байланышты бекемдөөгө салым кошорун белгилеген Карымшаков мындай деди: “Түрк мамлекеттеринин арасында алдыңкы тажрыйбалар жана инновациялык иштер же практика боюнча үзгүлтүксүз диалог жана жолугушуулар үчүн аянтчанын болушу маанилүү.”
ТҮРКПАнын кезектеги XV пленардык жыйынын 2026-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды. Жыйын Астана декларациясын кабыл алуу менен аяктады.
Андан соң пресс-брифинг өткөрүлүп, анда парламенттик делегациялардын башчылары XIV пленардык жыйындын жыйынтыктарын чыгарышты.