2025-жылдын 23-июнунда КР УИАнын кичи залында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту, Улуттук “Манас” академиясы, Улуттук “Манас” театры, Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен биргеликте залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун түрк тилине которулган үч томдугунун расмий бет ачар аземин өткөрдү.
Бет ачар аземине Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, профессор Абдылдажан Акматалиев, кыргыз жана түрк окумуштуулары, жазуучулар, манас таануучулар, ЖМК өкүлдөрү жана коноктор катышты.
“Манас” эпосунун түрк тилиндеги котормосунун кыргызча негизги илимий текстин жана түшүндүрмөлөрүн даярдоону белгилүү манас таануучулар профессор Абдылдажан Акматалиев жана Самар Мусаев жүргүзүшкөн.
“Манас” эпосу – түрк дүйнөсүнүн биримдигинин жана ынтымагынын символу
Түрк дүйнөсүнүн аң-сезиминде өзгөчө орунду ээлеген “Манас” эпосунун түрк тилине которулган үч томдугунун бет ачар аземине катышуу кубаныч тартуулаганын айткан КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө Манас атабыздын ысымын алып жүргөн окуу жайдын ректору болуу өзүнчө тарыхый жоопкерчилик жана чоң сыймык экенин белгиледи.
Университеттин алкагында “Манас” эпосу боюнча көптөгөн илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын баса белгилеген профессор Жейлан чыгармада баяндалган окуялар менен бирге анын айланасында калыптанган адеп-ахлактык принциптер, коомдук мамилелер жана саясий көз караштар да көңүл бурууга арзый турганын төмөнкү сөздөр менен билдирди: “Манас – баатыр гана эмес, адилеттүүлүктү туу туткан лидер, элинин тагдырын мойнуна алган эрктүүлүктүн өкүлү. Ал жеке эр жүрөктүүлүктүн эмес, коомдук жоопкерчиликтин, адилеттүүлүктүн жана маданий берилгендиктин символу.” Ректор, профессор Жейлан бул түшүнүк эпосто төмөнкү саптар менен чагылдырылганын айтып өттү:
“Эл-журтумдун үмүтү болдум, душманга чеп, доско калкан болдум.
Адилеттүүлүк менен өкүм сүрүп, акыйкаттын жанында турдум.”
Бул саптарда баатырдык гана эмес, адилеттүүлүккө негизделген коомдук тартиптин идеалдаштырылган абалы бар экенин белгилеген профессор Жейлан Манастын образы жеке күчтөн эмес, биримдик руху, көз карандысыздыкка умтулуу жана маданий берилгендик менен калыптанганын билдирди.
Сөзүнүн уландысында эпосто көп кайталанган “Күч бирдикте” деген идея бүгүнкү түрк дүйнөсү үчүн универсалдуу чакырык болуп саналаарын белгилеген профессор Жейлан Манастын кырк чоросу менен түзгөн биримдик – бул жөн гана аскердик эмес, ишенимдин, берилгендиктин жана биргелешкен идеялардын да институционалдык үлгүсү экенин баса белгилеп, бул ойлорун төмөнкү саптар менен бекемдеди:
“Кырк чором бар жанымда, бириктик биз биримдиктин жолунда.
Бөлүнсөк жок болобуз, бириксек көп болобуз.”
Бул саптардагы ритмикалык түзүлүшкө жана тематикалык өзөккө көңүл бурган профессор Жейлан эл ичиндеги биримдик жана каршылык көрсөтүү идеясы “Манас” эпосу аркылуу кылдаттык менен иштелип чыкканын жана бул мурас учурдагы түрк дүйнөсү үчүн да шыктандыруучу мааниге ээ экенин баса белгиледи.
“Манас” эпосунун үч томдугун түрк тилине которуу аталган институттун директору, профессор Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси астында жана “Манас” басма үйүнүн башкы координатору Шенер Булуттун колдоосу менен жарык көрдү. Түрк тилине үч томдук институттун изденүүчүсү Айчүрөк Нурлан кызы менен “Манас” басмасынын редактору Ресмие Токгөз тарабынан даярдалды.
Бул иш-чара кыргыз-түрк маданий алакаларынын чыңдалышында, “Манас” эпосун мурас катары эл аралык деңгээлде таанытууда жана кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн кеңири жайылтууда маанилүү кадам болуп саналды.