“Манас” СТЖС–2025 сынагына салым кошкон ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз


  • 2025-07-06

“Манас” СТЖС–2025 сынагы 2025-жылдын 6-июлунда, жекшемби күнү эртең менен жана түштөн кийинки болуп эки бөлүктө ийгиликтүү өткөрүлдү. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде билим алуу үчүн 16.000ге жакын абитуриент таймашты. Бул ири деңгээлде уюштурулган иш-чара жөн гана тандап алуу сынагы эмес, бул – “Манас” университетинин уюмдук ишенимдүүлүгүнүн, жогорку координациялык потенциалынын жана билим берүү тармагындагы лидерлигинин дагы бир жолку ачык көрсөткүчү.

Сынак процессин пландоодон баштап ишке ашырууга чейинки ар бир баскычында кылдаттык менен иштеген “Манас” СТЖБ Төрагалыгы баш болгон бардык академиялык жана административдик кызматкерлерге, коопсуздук кызматкерлерине, курьерлерге жана ушул күнү кызмат көрсөткөн бардык кесиптештерге терең ыраазычылык билдирем. Ар бириңиздер көрсөткөн жигердүүлүк, тартип жана жоопкерчилик “Манастын” корпоративдик беделине шайкеш келген сынак маданияты бар экендигин далилдеди.

Сынактын көйгөйсүз, толук коопсуз шартта аякташы техникалык гана ийгилик эмес, командалык рухтун, жалпы максаттын жана сапатка болгон терең ишенимдин эң айкын белгиси болду.

Бул чоң эмгекке салым кошкон ар бириңиздерге жеке өзүмдүн жана университетибиздин атынан терең ыраазычылык билдирем, ошондой эле сынакка катышкан бардык талапкерлерге ийгилик каалайм!

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан

    Социалдык медиада бөлүшүү