"Манас" университетинде "Жогорку билим берүүдө аккредитациянын мааниси" аттуу конференция болуп өттү


  • 2025-07-12

Кыргыз-Түрк "Манас" университети жогорку билим берүүдө сапатты камсыздоо жана аккредитациялоо процесстери талкууланган маанилүү конференция өткөрдү. 2025-жылдын 11-июлунда ректорлуктун жыйындар залында өткөн “Жогорку билим берүүдө аккредитациянын мааниси” аттуу конференцияга Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү сапатын камсыз кылуу боюнча кеңешинин (YÖKAK) төрагасы, профессор Үмүт Кожабычак баяндамачы катары катышты. Иш-чарага университеттин жетекчилери, окутуучулар жана административдик кызматкерлер активдүү катышты.

Ачылыш сөзүндө проректор, профессор Режаи Доган "Манас" университети аккредитация процессине жөн гана техникалык баалоо катары эмес, ошол эле учурда корпоративдик иденттүүлүктүн, көз караштын жана коом алдындагы жоопкерчиликтин бир бөлүгү катары мамиле жасаарын билдирди. Сапатты камсыздоо документтер жана формалар менен эле чектелбестигин баса белгилеген профессор Доган бул процесс мекеменин өзүн таануу, өнүктүрүү жана алдыга умтулуу эркинин ачык көрсөткүчү экенин айтты. Университеттин программалык да, институционалдык деңгээлде да аккредитация процесстерин чечкиндүүлүк менен улантып жатканын айткан проректор бардык академиялык жана административдик бөлүмдөр бул процесске активдүү салым кошуп жатканын белгиледи.

Конференцияда Жогорку билим берүү сапатын камсыз кылуу боюнча кеңешинин төрагасы, профессор Үмүт Кожабычак жогорку билим берүү мекемелеринде программалык жана институционалдык аккредитациянын мазмуну, сапатты камсыздоо системаларынын иштеши, жасалма интеллект технологияларынын бул процесстерге тийгизген таасири жана Жогорку билим берүү сапатын камсыз кылуу боюнча кеңеши тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө кеңири маалымат берди.

Профессор Кожабычак Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин да институционалдык аккредитация процессине кошулушу университеттин сапат маданиятын бекемдей турганын билдирди.

Конференция ыраазычылык баракчасын тапшыруу жана жалпы эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү