КТМУнун ректору, профессор Жейлан Анкара коомдук илимдер университетинин ректору, профессор Арыжан менен жолукту


  • 2025-07-12

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2025-жылдын 11-июлунда Анкара коомдук илимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжан менен анын макамында  жолугушту.

Жолугушуунун алкагында эки университеттин ортосундагы академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошону менен катар биргелешкен илимий долбоорлор, студенттердин жана окутуучулардын алмашуу программалары, ошондой эле коомдук илимдер тармагында ишке ашырыла турган биргелешкен иш-чаралар каралды.

Жолугушуу учурдагы кызматташтыкты чыңдоо жана жаңы биргелешкен долбоорлор менен чечкиндүү кадамдарды жасоо багытында өз ара жакшы каалоо-тилектерди айтуу менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү