Карабүк университетинин ректору, профессор Фатих Кырышык баштаган делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетине иш сапар менен келди. 2025-жылдын 21-июлунда болгон жолугушууда делегацияны КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков ректорлук макамында кабыл алышты.
Жолугушуунун алкагында эки университеттин ортосундагы академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Студенттерди жана окутуучуларды алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болуп, кызматташуу келишимине кол коюлду.
Программа өз ара белектерди тапшыруу жана жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.