Тил үйрөтүү курсунун Жетиштүүлүк, Тил билүү деӊгээлин аныктоо жана тилден бошотуу сынагы тууралуу кулактандыруу


  • 2025-08-07

2025-2026-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН КҮЗГҮ СЕМЕСТРИНДЕ

ТИЛ ҮЙРӨТҮҮ КУРСУНУН ЖЕТИШТҮҮЛҮК, ТИЛ БИЛҮҮ ДЕӉГЭЭЛИН АНЫКТОО ЖАНА ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАГЫ ТУУРАЛУУ КУЛАКТАНДЫРУУ

Сынактарга катталуу 2025-жылдын 11-август күнү башталат.

Сынактарга катыша турган студенттер эң кеч 2025-жылдын 24-август күнү каттоодон өтүүлөрү керек.

2025-2026-окуу жылындагы Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү программасынын академиялык календарына ылайык 2025-жылдын 02 – 04-сентябрь күндөрү өткөрүлө турган күзгү семестрдин Жетиштүүлүк, Тил билүү деӊгээлин аныктоо жана Тилден бошотуу сынактарына (кыргыз тили, түрк тили, англис тили, орус тили жана/же кытай тили) катталуу шарттары, аталган сынактардын баалоо критерийлери, өткөрүлө турган күнү жана сааттары төмөндөгүдөй.

 

СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

Аталган сынактарга төмөндөгү шарттарга жооп берген студенттер каттала алат:

 

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕН БОШОТУУ ЖАНА ЖЕТИШТҮҮЛҮК СЫНАГЫНА:

Тилден бошотуу сынагына;

  • 2025-2026-окуу жылында даярдоо курсунда кыргыз тилин милдеттүү түрдө окуй турган орто кесиптик билим берүү программалары, бакалавр жана магистратура/докторантура программаларынын студенттери;
  • 2024-2025-окуу жылында даярдоо курсунда кыргыз тили боюнча сабак алып, аяктай албай калган же/жана сынактан калып калган студенттер;
  • 2023-2024-окуу жылында даярдоо курсунда кыргыз тили боюнча сабак алып, сынактан калып калган студенттер;

Жетиштүүлүк сынагына;

  • 2025-2026-окуу жылында Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө котормо программасында билим алуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

Эскертүү: Кыргыз тили боюнча жетиштүүлүк сынагына катыша турган студенттер да каттоодон өтүшү керек.

 

ТҮРК ТИЛИНЕН БОШОТУУ СЫНАГЫНА:

  • 2025-2026-окуу жылында даярдоо курсунда түрк тилин милдеттүү түрдө окуй турган орто кесиптик билим берүү программалары, бакалавр жана магистратура/докторантура программаларынын студенттери;
  • 2024-2025-окуу жылында даярдоо курсунда түрк тили боюнча сабак алып, аяктай албай калган же/жана сынактан калып калган студенттер;
  • 2023-2024-окуу жылында даярдоо курсунда түрк тили боюнча сабак алып, сынактан калып калган студенттер катыша алышат.

 

АНГЛИС ТИЛИНЕН БОШОТУУ ЖАНА ТИЛ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО СЫНАГЫНА:

  • 2025-2026-окуу жылында даярдоо курсунда англис тилин милдеттүү түрдө окуй турган Финансы жана кредит бөлүмү, Эл аралык мамилелер бөлүмү, Экономика бөлүмү, Менеджмент бөлүмү, Филология бөлүмүнүн Англис тили жана адабияты программасы жана Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-англисче котормо программасынын студенттери;
  • 2024-2025-окуу жылында даярдоо курсунда англис тили боюнча сабак алып, аяктай албай калган же/жана сынактан калып калган студенттер;
  • 2023-2024-окуу жылында даярдоо курсунда англис тили боюнча сабак алып, сынактан калып калган студенттер катыша алышат.

 

ОРУС ТИЛИНЕН БОШОТУУ ЖАНА ЖЕТИШТҮҮЛҮК СЫНАГЫНА:

Тилден бошотуу сынагына;

  • 2025-2026-окуу жылында даярдоо курсунда орус тилин милдеттүү түрдө окуй турган Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө котормо программасынын чет элдик (Кыргыз Республикасынын жараны эмес) студенттери;
  • 2024-2025-окуу жылында даярдоо курсунда орус тили боюнча сабак алып, аяктай албай калган же/жана сынактан калып калган студенттер;
  • 2023-2024 окуу жылында даярдоо курсунда орус тили боюнча сабак алып, сынактан калып калган студенттер;

Жетиштүүлүк сынагына;

  • 2025-2026-окуу жылында Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө котормо программасында билим алуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

Эскертүү: Орус тили боюнча жетиштүүлүк сынагына катыша турган студенттер да каттоодон өтүшү керек.

 

КЫТАЙ ТИЛИНЕН БОШОТУУ СЫНАГЫНА;

  • 2024-2025-окуу жылында даярдоо курсунда кытай тили боюнча сабак алып, аяктай албай калган же/жана сынактан калып калган студенттер;
  • 2023-2024-окуу жылында даярдоо курсунда кытай тили боюнча сабак алып, сынактан калып калган студенттер катыша алышат.

 

СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН ДАРЕГИ:

Чет тилдер жогорку мектеби, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башкы имараты, Ч. Айтматов проспектиси №56, Бишкек шаары.

 

СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ

Тил үйрөтүү курсунун Жетиштүүлүк, Тил билүү деӊгээлин аныктоо жана Тилден бошотуу сынактарынын күнү жана убактысы төмөнкүдөй:

СЫНАКТЫН ТИЛИ

КҮНҮ

УБАКТЫСЫ

1.

ТҮРК ТИЛИ

Орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программаларынын студенттери үчүн

03/09/2025

10.00

Магистратура жана докторантура программаларынын студенттери үчүн

04/09/2025

10.00

2.

КЫРГЫЗ ТИЛИ

04/09/2025

10.00

3.

АНГЛИС ТИЛИ

02/09/2025

10.00

4.

ОРУС ТИЛИ

02/09/2025

10.00

5.

КЫТАЙ ТИЛИ

02/09/2025

10.00

 

СЫНАКТЫН БААЛООСУ

Даярдоо курсундагы Тилден бошотуу сынактарынын (кыргыз тили, түрк тили, англис тили, орус тили жана кытай тили) баалоо критерийлери төмөнкүдөй:

ТИЛДЕР

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

УГУП ТҮШҮНҮҮ

ДИЛБАЯН

ООЗЕКИ

1.

Түрк тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

2.

Кыргыз тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

3.

Англис тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

4.

Орус тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

5.

Кытай тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

 

КӨҢҮЛ БУРУЛА ТУРГАН ЭРЕЖЕЛЕР

  • Жогоруда белгиленген сынактарга катыша турган студенттерибиз 2025-жылдын 24-август күнү (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 23:59га чейин https://admission.manas.edu.kg/ydyo/ дареги боюнча катталуу менен бирге каттоо баракчасында талап кылынган маалыматты толук жазуусу керек.
  • Сынакка катталган студенттер, каттоонун аягында бериле турган сынак баракчасын сынак күнү өздүгүн тастыктоочу документ (студенттик билети же паспорту) менен кошо алып келүүсү керек.
  • Сынак башталардан мурун сынак алуучу документ (студенттик билет же паспорт) текшерет. Сынак баракчасы жана студенттик билети (же паспорту) жок студенттер сынакка катыштырылбайт.
  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Тил үйрөтүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын 10-беренесинин (б) пунктуна ылайык жүйөөлүү себептерден улам тилден бошотуу сынагына катыша албай калган студенттер үчүн кошумча сынак өткөрүлбөйт.
  • Сынак алуучу тарабынан зарыл болгон текшерүү иши аткарылуусу үчүн сынактан эң аз 20 мүнөт мурун тиешелүү сынак жайында болуу зарыл.
  • Студенттер сынак алуучу айткан эрежелерге баш ийүүсү керек.
  • Сынакта бир гана калем колдонулат.
    Социалдык медиада бөлүшүү