Эй пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, кубантуучу жана эскертүүчү катары жибердик.
Аллах тарапка Анын буйругу менен чакыруучу нурдуу чырак түрүндө жибердик. (Азхаб сүрөсү, 45-46-аяттар)
Сүйүктүү "Манас" үй-бүлөсү!
3-сентябрь шаршембиден бейшембиге караган ыйык түндө, тарыхтын агымын өзгөрткөн, адамзатка жол көрсөткөн Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в) туулгандыгынын 1454-жылын белгилөөдөбүз.
Азирети пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) - бизге урматтоо, сүйүү, боордоштук, адилеттик, чындык жана чынчылдык сыяктуу адамды адам кылган бардык жакшы сапаттарды үйрөткөн, аларды өз жашоосунда адатка айландырып, мыкты үлгүсүн көрсөткөн жана ааламга ырайым кылып жиберилген эң акыркы пайгамбар.
Бүгүнкү күндө адамзат Алланын улуу ахлагы менен адеп-ахлактуулук баалуулуктарына мурда болуп көрбөгөндөй муктаж болуп турат. Мавлид түнү - Азирети пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) бизге үйрөткөн баалуулуктарын, анын жол көрсөтүүчү насааттарын кайрадан эстөө жана өздөштүрүү менен жашоо кечирүү убактысы жана мүмкүнчүлүгү.
Ушундан улам “Манас” үй-бүлөсүн, түрк-ислам дүйнөсүн Мавлид түнү менен куттуктап, ушул ыйык түндүн бүткүл адамзатка жакшылык алып келишин каалайм.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан