2025-жылдын 10-сентябрында "Атаватан" коомдук бирикмеси менен "Түрк элдеринде жылмайган жүз" платформасынын өкүлдөрү "Маданият жана достук сапары" алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине зыярат жасашты.
“Манас” университетинин ректоратындагы жыйындар залында өткөн жолугушууга ректор, профессор Алпаслан Жейлан, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, ректордун кеңешчиси, профессор доктор Октай Өзгүл жана конок делегациялар катышты.
Жолугушууда университеттин тааныштыруу видеосу көрсөтүлүп, билим берүү, илимий долбоорлор жана жетишкендиктер тууралуу кеңири маалымат берилди. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө “Манас” университетинин түрк дүйнөсүндөгү стратегиялык ролуна токтолуп:"Барбаган жериң – сенин жериң эмес. Бул аймак Теңир Тоонун этеги, Арарат тоосунун бир тууганы. Бул жерде болуу – чоң сыймык. Түрк дүйнөсүнө жасалган эң чоң инвестиция – бул “Манас” университети."
Ал ошондой эле университеттин бүтүрүүчүлөрү иш издеп кыйналбай турганын жана карьерасында ийгиликтүү экенин белгилеп өттү. Студенттер академиялык гана эмес, инсандык жактан да татыктуу тарбия алып жатканын баса белгиледи.
"Атаватан" коомдук бирикмесинин төрагасы Текин Сарычам өз сөзүндө уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, түрк дүйнөсүнөн келген жаштарды билим, маданият жана искусство тармактарында бириктирүүгө багытталган долбоорлор жөнүндө айтып берди. Максат – бир туугандык мамилелерди чыңдоо экенин билдирди.
Зыярат өз ара белек тапшыруу жана сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды. Программанын алкагында меймандар “Манас” ТВ студияларын да кыдырып, заманбап технология менен жабдылган инфраструктура тууралуу маалымат алышты. Түрк дүйнөсүнө үнүн угузуп жаткан “Манас” ТВ коноктор үчүн чоң сыймык болуп тааныштырылды.