Катталуу үчүн кайрылуунун соңку күнү жана сааты: 25-сентябрь, 2025-жыл, Саат: 17.00 (Кыргызстан убактысы боюнча)
2025-2026-окуу жылында Чет тилдер жогорку мектебинин Тил даярдоо программасынын академиялык календарына ылайык, 2025-жылдын 27--сентябрында өткөрүлө турган Күзгү семестрдеги чет тил сабактары (англис тили, орус тили, немис тили) боюнча тил билүү деңгээлин аныктоо жана тилден бошотуу сынактарына катыша турган талапкерлер үчүн сынактын датасы, сааты, сынакка катышуунун шарттары, сынактын форматы жана соңку кайрылуунун мөөнөтү жөнүндөгү маалыматтар төмөндө берилди.
1. СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ (Кыргызстан убактысы боюнча)
СЫНАКТЫН |
||||
КҮНДӨРҮ |
ТҮРҮ |
УБАКТЫСЫ |
||
27-СЕНТЯБРЬ 2025-Ж. |
Чет тилди билүү деңгээлин аныктоо жана чет тилден бошотуу сынактары |
Англис тили |
İNG -111 (Туризм факультети кирбейт) |
10.00 – 12.00 |
İNG-101 (кесиптик билим берүү программалары КЖМ (Туризм программасы кирбейт)) |
10.00 – 12.00 |
|||
Орус тили |
RSC 100 (орто кесиптик билим берүү программалары КЖМ) |
12.00 – 14.00 |
||
RSC 103 |
12.00 – 14.00 |
|||
Немис тили |
- |
14.00 – 16.00 |
2. СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ
Чет тилден бошотуу сынактарына İNG-111 коддуу англис тили сабагы үчүн бакалавр жана İNG-101 орто кесиптик билим берүү программаларында билим алган 1-курстун студенттери катыша алат.
Чет тил катары окутулган RSC-103 коддуу орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына чет өлкөлүк бакалавр программасында билим алган 1-курсттун студенттери, ал эми RSC-100 коддуу орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына орто кесиптик билим берүү программасында билим алган 1-курстун студенттери катыша алат.
Немис тилинен бошотуу сынагына немис тили сабагын окуй турган студенттер катыша алат.
3. СЫНАКТЫН ФОРМАТЫ
Чет тилди билүү деңгээлин аныктоо жана чет тилден бошотуу сынактары (англис тили, орус тили, немис тили) онлайн форматта, төмөндөгү платформалар аркылуу жүзөгө ашырылат.
Англис тили |
E-ders |
Орус тили |
E-ders |
Немис тили |
Google Classroom |
4. КАТТАЛУУНУН СОҢКУ КҮНҮ
Өткөрүлө турган сынактарга катышкысы келген студенттерибиз 2025-жылдын 25-сентябрь, кечки саат 17.00 гө чейин (Кыргызстан убактысы боюнча) тиркемедеги арыздын үлгүсүн толтуруп, кол койгон соң pdf же jpg форматта сынакка кире турган тилге тиешелүү координаторлуктун (manas.edu.kg аталышындагы) электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.
İNG 111 / İNG 101 коддуу англис тили сабактары үчүн |
|
Немис тили сабактар үчүн |
Эскертүү: Англис тили сабагынан "Тилден бошотуу сынагына" катышуу үчүн, студенттер каттоо учурунда сөзсүз түрдө İNG-111 англис тили I; İNG-101 англис тили (MYO); сабактарын белгилеши керек. Белгилебеген студенттер аталган сынакка кире албай калышат.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Тил даярдоо программасы боюнча билим берүү жана сынак нускамасынын 10-статиясынын «б» пунктуна ылайык, тилден бошотуу сынактарынын жүйөө сынактары өткөрүлбөйт.