2025-жылдын 12-сентябрында Түркия Республикасынын Диний иштер башкармалыгынын төрагасы, профессор Али Эрбаш Кыргы-Түрк "Манас" университетине расмий сапар жасады.
Профессор Эрбашты "Манас" университетинтн ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ Теология факультетинде тосуп алышты. Андан соң ректораттын кабылдамасында жолугушуу өткөрүлүп, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташуусу тууралуу пикир алмашуулар болду.
"Манас" университети биз үчүн сыймык
Сапар учурунда сөз сүйлөгөн профессор Али Эрбаш, "Манас" университети жаш муундарды тарбиялоодо абдан маанилүү орунда турганын белгилеп, мындай деди:«"Манас" университетинин Түркия жана Кыргызстан үчүн кандай баалуу экенин, бул жерде канчалык деңгээлдүү студенттер билим алып жатканын билгениме абдан кубанычтамын. Бул – биз үчүн чоң сыймык. Бул ийгиликтүү жол уланат, бул окуу жайды аяктаган бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда, Түркияда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да пайдалуу кызмат кыларына ишенем».
Ошондой эле ал билим сапатында окутуучулардын даражасы негизги роль ойногонун баса белгилеп, мындай деди:
«Канчалык мыкты окумуштууларды даярдасак, ошончолук мыкты студенттер чыгат. "Манас" университетинин бардык факультеттери менен Түркияга да, Кыргызстанга да, башка көптөгөн өлкөлөргө да кызмат кылаарына ишенимим чоң».
Диний иштер башкармалыгынын төрагасы жаңы окуу жылына карата ийгилик тилеп, сөзүн жыйынтыктады.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан болсо, сапарга байланыштуу "Сиздерди бул жерде көргөнүбүзгө абдан кубанычтабыз. Университетибиздин эң негизги максаттарынын бири – студенттерибизди илим-билим жагынан гана эмес, адеп-ахлак, улуттук жана руханий баалуулуктарга бекем болгон жарандар кылып тарбиялоо. Ошондуктан бул сапарыңыз биз үчүн абдан маанилүү. Кымбаттуу убактыңызды бөлүп, келгендигиңиз үчүн чоң рахмат."
Жолугушуу жалпы сүрөткө түшүү менен аяктады.