Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз "Манас" университетин зыярат кылды


  • 2025-09-19

Түркия Республикасынын Вице-президенти, профессор Жевдет Йылмаз, Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн эң көрүнүктүү жогорку окуу жайларынын бири болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетин зыярат кылды.

2025-жылдын 18-сентябрында Чыңгыз Айтматов кампусунда өткөн зыяратта Түркия Республикасынын Вице-президенти, профессор Жевдет Йылмаз, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Курулуш жана Транспорт министри, профессор, Эрхан Арыклы менен  Түркия Республикасынын Жогорку Билим Берүү Кеңешинин төрагасы, профессор Эрол Өзварды, КТМУнун Камкорчулар Кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, Түркия Республикасынын Президенттик Стратегия жана Бюджет Башкармалыгынын төрагасы Ибрахим Шенел, Жогорку Билим Кеңешинин төрагасынын орун басары, профессор Нажи Гүндоган, ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчир проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, ректордун орун басары, профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, Түркия Республикасынын Бишкек Элчилигинин билим боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, академиктер жана студенттер расмий салтанат менен тосуп алышты.

Профессор Йылмаз, профессор Эрол Өзвар жана  Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем ректордун кабинетинде кабыл алынды.

Жолугушууда 1995-жылы түрк жана кыргыз элдеринин биргелешкен демилгеси менен негизделген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин билим берүү ишмердүүлүгү, илимий жетишкендиктери, Түрк дүйнөсүнө сапаттуу адистерди даярдоосу жана эл аралык деңгээлдеги орду тууралуу кенен маалымат берилди.

Андан соң профессор Йылмаз университеттин каалоо-тилек китебине кол коюп, "Манас" университетинин жамаатына ийгилик каалады. КТМУнун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугуп, кыскача баарлашып, “Манас университети келечекте да Түрк дүйнөсүнүн илим жайларынын бири бойдон кала берет деп чын жүрөктөн ишенем”, — деп белгиледи.

Түрк дүйнөсүнүн чолпон жылдызы болгон “Манас” университети эки тууган өлкө — Түркия менен Кыргызстандын биргелешкен келшими негизинде бир максатты көздөй түзүлгөн; билим, илим, маданият жана технология жаатындагы эл аралык жетишкендиктери менен белгилүү жана бул тармактарда лидерлик ролун туруктуу кармап келе жаткан кадырлуу жогорку окуу жайы экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Сапар белек тапшыруу жана чогуу сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү