“Манас” университетинде 2025-2026-окуу жылы Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы Эрол Өзвардын катышуусу менен ачылды


  • 2025-09-19

2025-жылдын 18-сентябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Маданият борборунда уюштурулган 2025-2026-окуу жылын ачуу салтанаты Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзвардын катышуусу менен өткөрүлдү.

Программага Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзвар, КТМУнун камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Стратегия жана бюджет башкармалыгынын башчысы Ибрахим Шенел, Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин аткаруу кеңешинин мүчөсү, профессор Нажи Гүндоган, ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ,  Түркия Республикасынын Бишкек Элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Куршат Дулкадир, Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия жана Россиядан келген университеттердин ректорлору, ТҮРКСОЙдун башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф, профессордук окутуучулук курам, студенттер жана басма сөз өкүлдөрү катышты.

Эки өлкөнүн улуттук гимндери аткарылгандан соң университетибиздин таанытуу тасмасы көрсөтүлүп, программа ачылыш сөздөр менен уланды.

Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзвар 2025-2026 окуу жылынын ачылыш аземине катышты

Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзвар “Манас” университетинин 2025-2026-окуу жылын ачуу салтанатында сүйлөгөн сөзүндө университеттин кыргыз-түрк биримдигинин жана жалпы маданияттын эң маанилүү символдорунун бири экенин белгиледи.

Профессор Өзвар: Манас” университети – маданият көпүрөсү жана илимдин уясы

Профессор Өзвар ачылыш сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: “Кыргыз баатыры Манастын атын ташыган жана жалпы тарыхыбыздын жана маданиятыбыздын символу болгон бул окуу жайында сиздер менен бирге болуу мен үчүн чоң кубаныч жана сыймык”. Жаңы окуу жылын ачуудан сырткары, жалпы максаттарга жетүү үчүн биргелешип алдыга умтулуу аракетин дагы бир жолу көрсөтүп жатканын белгилеген профессор Өзвар, “Манас” университети жөн эле университет эмес, ал ошондой эле маданият көпүрөсү жана илимдин уясы экенин баса белгиледи

Манас университетинде ачылган Медицина факультети кыргыз-түрк өнөктөштүгүнө салым кошот

Профессор Эрол Өзвар “Манас” университетинин Түрк Дүйнөсүнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири катары татыктуу ордун алганын белгиледи: "Бүгүн ак халат кийген студенттерибизди дагы көрүп жатам. Жаштарыбызга ийгилик жана жетишкендиктерди каалайм.” Профессор Өзвар университетте ачылган жаңы Медицина факультетинин дагы көптөгөн ийгиликтергн жол ачышын каалап, төмөнкүлөргө токтолуп өттү: Жаңы факультетибиз Түркия менен Кыргызстандын саламаттыкты сактоо жана илим тармагындагы кызматташтыгына салым кошооруна жана студенттерибизге универсалдуу стандарттарга ылайык билим берээрине ишенем.

Ачылыш сөзүндө “Манас” университети жөн гана жергиликтүү университет болуудан дагы глобалдык билим борборуна айланганын белгилеген Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Өзвар ректор Алпаслан Жейланга жана университетибиздин бардык профессордук-окутуучулук курамынын кошкон зор салымдары жана эмгектери үчүн ыраазычылыгын билдирип, чын дилден куттуктады. Профессор Өзвар сөзүн төмөнкүдөй улантты: “Бул жетишкендиктер университетибиздин эл аралык аренада таанымалдуулугун жана активдүүдүлүгүн көрсөтүп жаткандыгы абдан кубанычтуу көрсөткүчтөр. “Манас” университети Түрк Дүйнөсүнүн илим уясы жана билим борбору болуу жолунда эң күчтүү талапкерлердин бири болуп калды”.

Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Өзвар сөзүн “Манас” университетинде берилген билимдин жөн гана теориялык маалыматтар менен чектелбестен, студенттерге жалпы маданий баалуулуктарыбызды жана терең тарыхыбызды үйрөтөөрүн баса белгиледи. Профессор Өзвар жаңы окуу жылы “Манас” университетинин үй-бүлөсүнө, Түркияга, Кыргызстанга жана бүткүл Түрк Дүйнөсүнө жакшылыкка буюрсун деп тилектештигин билдирди.

КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзвардын “Манас” университетин зыяраты үчүн кубанычта болгондугун билдирди. Профессор Чапак профессор Өзвар университеттин ар бир этабында колдоо көрсөтүп келгенин белгиледи: Медицина факультети талыкпаган аракет менен ачылды жана университетибизге күч кошту. Келечекте  университетибизге, Кыргызстанга жана Түркияга кызмат кыла турган  көптөгөн баалуу программалар ишке ашырылат. Биз келген студенттерибизди, окуутуучуларыбыз менен биргеликте сапаттуу билим бере алаарыбызга ишенебиз”

Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Чапак жаңы окуу жылы “Манас” университетинин үй-бүлөсүнө ден-соолук, тынчтык жана ийгилик алып келсин деп тилектештигин билдирди.

КТМУнун ректору, профессор Жейлан ачылыш сөзүндө, Теңир тоолорунун этегинде жайгашкан “Манас” университетинде Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзварды кабыл алуудан чоң кубанычта экенин билдирди. Профессор Жейлан Өзварга университетте ачылган жаңы Медицина факультетинин иштерине көрсөткөн баалуу колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Профессор Жейлан: “Манас” университетинин үй-бүлөсү атынан Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы, профессор Эрол Өзварга терең ыраазычылыгымды билдирем. Төрагабыздын университетибизге көрсөткөн колдоосу, айрыкча жаңы ачылган Медицина факультетининин ачылуусуна кошкон салымы биздин мекемебизди бекемдеди жана студенттерибиздин академиялык сапарына баалуулук кошту. 2025-2026-окуу жылы университетибизге, студенттерибизге жана окутуучулук  жамаатыбызга ден-соолук, ийгилик алып келсин; “Манас” университети Түрк Дүйнөсүнүн илим жана билим берүү тармагындагы лидер мекемелеринин бири катары өсүшүн улантсын деп тилейм.”

“Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев сөзүндө КТМУнун дүйнө жүзүндө алдыңкы 1000 университеттин катарына кирүүсү маанилүү жетишкендик экенин баса белгиледи: “Бул соң эмес, жаңы гана башталыш. Биздин максат — университетибизди биргеликте дүйнөнүн алгачкы 500 университетинин катарына киргизүү."

Университетте ишке ашырылчу инновациялык реформаларга да токтолгон биринчи проректор Ибраев: "Факультеттерибизди жана бөлүмдөрүбүздү анализдеп, күчтүү академиялык түзүмдү түзөбүз. Бул аркылуу студенттерибизге жана окутуучулук жамаатыбызга эң жогорку стандарттарды камсыз кылып эле тим болбостон, университетибизди глобалдык деңгээлде атаандаштык жөндөмү жогору мекемеге айлантабыз.”

Сөзүнүн аягында, жаңы окуу жылы “Манас” университетинин үй-бүлөсүнө, Түркияга, Кыргызстанга жана бүткүл Түрк Дүйнөсүнө ийгиликтүү болсун деп тилеген биринчи проректор Ибраев, Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы Эрол Өзварга университетибизге болгон зыяраты үчүн ыраазычылыгын билдирди.

2025-2026-окуу жылын ачуу салтанатындагы сүйлөгөн сөздөрүнүн соңунда, ректор  Алпаслан  Жейлан жана биринчи проректор Алмаз Ибраев, Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы профессор Эрол Өзварга “Манас” университетинин 30 жылдык ийгилик жолунун символу жана Түрк Дүйнөсүнө кошкон салымы катары 30-жылдыкка арналган медал менен сыйлады.

Программа эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү