Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2025-жылдын 29-сентябрында гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Лайли Үкүбаеваны ректорлук макамында кабыл алды.
Жылуу маанайда өткөн жолугушууда профессор Үкүбаевага университетибиздин 30 жылдыгына арналган медаль тапшырылды. Бул маанилүү сыйлык профессор Үкүбаеванын «Манас» университетине кошкон баалуу салымы жана жигердүү эмгеги үчүн ыйгарылды.
Жолугушуу ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана профессор Лайли Үкүбаеванын эстеликке сүрөткө түшүүсү менен жыйынтыкталды.