Кыргыз-Түрк “Манас” университетине жаңы башкы катчы дайындалды


  • 2025-09-30

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башкы катчы кызматына 2025-жылдын 30-сентябрынан тартып ветеринария факультетинин окутуучусу, доц. м. а. док. Фатих Рамазан Истанбуллугил дайындалды.

Куттуктоо ректорлукта расмий программа менен коштолуп, кызматка дайындалгандыгы тууралуу буйрукту КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан тапшырды. Ал жаңы башкы катчы болуп дайындалган доц. м. а. док. Истанбуллугилди кызмат орду менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

    Социалдык медиада бөлүшүү