КТМУнун жаңы проректору дайындалды


  • 2025-09-30

2025-жылдын 30-сентябрынан тартып Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректорлук кызматына табигый илимдер факультетинин колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Исмет Алтынташ дайындалды.

Куттуктоо ректорлук макамында расмий программа менен коштолуп, кызматка дайындалгандыгы тууралуу буйрукту КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан тапшырды.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан проректор болуп дайындалган профессор Исмет Алтынташты куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

    Социалдык медиада бөлүшүү