КТМУда «Тилде, пикирде, иште биримдик: Исмаил Гаспыралы» аттуу программа болуп өттү


  • 2025-10-02

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) түрк дүйнөсүнүн ойчул жетекчилеринин бири болгон Исмаил Гаспыралыны эскерүү жана анын идеяларын жайылтуу максатында маанилүү иш-чара өткөрүлдү. 2025-жылдын 1-октябрында Ректораттын Конференция залында өткөн «Тилде, пикирде, иште биримдик: Исмаил Гаспыралы» аттуу иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор, профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доцент Фатих Рамазан Истанбуллугил, окутуучулар жана студенттер катышты.

Программанын ачылышында КТМУнун Адабият факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык сөз сүйлөп, тарыхка из калтырган инсандар ар түрдүү жактары менен эскериле турганын айтты. Айрымдар жеңиштери менен, айрымдар саясий күрөшү менен, башкалар болсо зомбулугу менен белгилүү болгонун белгилеп, бирок ой-пикирлери менен элдин тагдырына таасир бергендер тарыхта узакка сакталат деп билдирди.

Исмаил Гаспыралы түрк дүйнөсүнүн жалпы эс тутумунда терең из калтырган инсан экенин айткан профессор Ашык: «Гаспыралы — түрк элинин өз алдынча жашоосу, эркиндикке ээ болушу жана оюн эркин билдире алуусу үчүн өмүрүн калем менен күрөшүүгө арнаган улуу ойчул. Ректорубуз профессор Алпаслан Жейлан жаштарга көп эскертип жүргөн “Бир бололу, бек бололу, тирүү бололу” деген түшүнүк Гаспыралынын “Тилде, пикирде, иште биримдик” идеасы менен шайкеш келет. Исмаил Гаспыралы — ушул сапаттары менен тарыхта из калтырган жана бизге үлгү боло турган өзгөчө инсан», — деди.

Сүйлөө сөздөрүнөн кийин Исмайыл Гаспыралынын өмүрү жана идеялары тууралуу кыска метраждуу фильм көрсөтүлдү. Андан соң программанын илимий бөлүгү уланды.

Илимий бөлүктө алгачкы баяндама менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун өкүлү, доцент Аида Кубатова чыкты. «Исмаил Гаспыралынын агартуучу ойлору жана кыргыз коомундагы орду» аттуу баяндамасында Гаспыралы бүткүл түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулуктарын колдогон универсалдуу ойчул экенин баса белгиледи. Кубатова: «Кыргызстанда Гаспыралынын ысымын алып жүргөн жерлердин болушу — анын идеялары бүгүнкү күндө дагы актуалдуу экенин көрсөтүп турат», — деп билдирди.

Экинчи баяндаманы КТМУнун Адабият факультетинин окутуучусу, доцент Сердар Дагыстан жасады. Ал «Исмаил Гаспыралынын максаты жана орток алфавит идеясы: өткөндөн бүгүнкү күнгө» деген темада сүйлөп, түрк дүйнөсүндө тил биримдигине жетүү максатында Гаспыралы сунуштаган «орток алфавит» түшүнүгүн талдады.

КТМУда өткөрүлгөн бул өзгөчө иш-чара Исмаил Гаспыралынын «Тилде, пикирде, иште биримдик» идеасынын негизинде түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулуктарын жана биримдик духун катышуучуларга дагы бир ирет эске салды.

Программа катышуучуларга ыраазычылык каттарын тапшыруу менен жыйынтыкталды.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү