Урматтуу окутуучулар!


  • 2025-10-03

Сиздер – бизди келечекке шыктандыруучу, эртеңки күндөрүбүздүн куруучулары жана коомубуздун сыймыгысыздар. Билимиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар жана зор эмгегиңиздер менен жаш муундарга билим гана бербестен, үмүт, эрктүүлүк жана идеалдарды дагы калыптандырып жатасыздар. Ар бир окуучуңузга калтырган таасириңиз – келечекти жарык кылган эң маанилүү кадам.

Бүгүн өлкөбүздүн жана адамзаттын келечегин калыптандыруучу лидерлерди, илимпоздорду жана агартуучуларды тарбиялап жаткан – сиздерсиздер. Мугалимдик кесип – жөн гана милдет эмес, элдин тагдырын калыптандыруучу эң ыйык жоопкерчилик. Сиздердин эмгегиңиздер менен өскөн ар бир көчөт бекем тамырлары бар чынарга айланып, коомго жарык чачып, нуруна бөлөйт.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жалпы жамаатынын атынан сиздерди 5-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сиздерге бекем ден соолук, бакыт жана көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!

 

Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректораты

    Социалдык медиада бөлүшүү