Erasmus+ программасынын “Кесиптик билим берүү тармагында потенциалды өнүктүрүү (Capacity Building)” багыты боюнча даярдалган “MANAS E-LAB - Managing New Approaches to Student Entrepreneurship and Sustainability - Local Action Building” аттуу долбоорубуз Европа Биримдигинин билим берүү жана маданият боюнча аткаруу агенттиги (EACEA) тарабынан колдоого алынды.
2025-жылы Кыргызстан боюнча жалпы беш долбоор колдоого алынып, алардын үчөөсү Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын координаторлугунда ишке ашырылууда. Биздин университет ошол үч долбоордун биринде координатор болуу артыкчылыгына ээ болду.
MANAS E-LAB долбоорунун максаты – Европа тажрыйбасынан алынган инновациялык ыкмаларды интеграциялоо аркылуу Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда туруктуу ишкердик экосистемасын түзүү болуп саналат. Жалпы бюджети €537,230.00 болгон долбоор Испаниядан Fundacion Universidad San Jorge, Түркиядан Измир Катип Челеби университети, Кыргызстандан Нарын мамлекеттик университети жана Жогорку технологиялар паркы менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.
Долбоордун алкагында төмөнкү иш-аракеттер каралган:
Долбоорду Экономика жана башкаруу факультетинин, Менеджмент бөлүмүнүн доценти Азамат Максүдүнов жетектейт. Долбоордун командасында Менеджмент бөлүмүнөн профессор Кадир Ардыч, Экология инженериясы бөлүмүнөн доцент Нурзат Тотубаева, Кесиптик колледждин Туризм жана мейманкана иштетүү программасынан доценттин милдетин аткаруучу Мурад Авжы жана Синхродук котормо бөлүмүнөн окутуучу Нургүл Карыбекова иш алып барат.