ТРТнин “Түркиянын үнү” радиосу КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев менен маек курду


  • 2025-10-07

2025-жылдын 3-октябрында ТРТнин "Түркиянын үнү" радиосу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев менен атайы маек өткөрдү. Маекте университеттин ийгиликтери жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы кеңири талкууланды.

Проректор Ибраев: "Манас университети 30 жыл ичинде чоң ийгиликтерге жетишти"

Маекте "Отуз жыл – адам өмүрү үчүн узун мөөнөт болгону менен, университет тарыхы үчүн кыска убакыт деп айтууга болот. Ошого карабастан, “Манас” университети бул мезгил ичинде маанилүү жетишкендиктерге жетишкенин көрүп жатабыз. Бул отуз жылдык мезгилде жасалган иштер жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?" деген суроого жооп берип, проректор Ибраев университеттин кыска убакытта жетишкен ийгиликтери сыймыктандыраарлык экенин белгиледи.

Быйылкы жыл биз үчүн абдан өзгөчө

Проректор Ибраев маегинде "Манас" университети Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка жетишкенден кийин узак убакыттан бери иштеп келе жаткан жогорку окуу жай катары жетишкен жетишкендиктери өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Доцент Алмаз Ибраев университет 1995-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда түзүлгөн өкмөттөр аралык келишимдин негизинде түптөлгөнүн эске салып, "Университетибиз негизделген күндөн тарта 12 миңден ашуун студент бакалавр деңгээлинде, болжол менен 2 миңге жакын студент магистратура жана докторантура деңгээлдеринде билим алып, окуу жайыбызды аякташты. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 14 миңден ашуун адис даярдап, Кыргызстанга, Түркияга жана жалпы түрк дүйнөсүнө кызмат өтөдүк."-деп айтты.

Университеттин өнүгүү жолуна токтолгон Ибраев "Алгачкы жылдары биз Манас бульварындагы имаратыбызда ишмердүүлүк жүргүзүп келгенбиз. Азыр болсо Жал кичи районундагы 85 гектар жерге курулган заманбап кампуста билим берүүнү улантып жатабыз. Бул жер мурда бош жаткан аянтча болчу. Андан соң Кыргыз Республикасынын колдоосу менен кыска убакыттын ичинде заманбап университет шаарчасына айланды."- деп белгиледи.

Проректор Алмаз Ибраев бүгүнкү күндө кампуста 16 имарат бар экенин, алардын ичинде эки студенттик жатакана, 12 факультет жана 54 бөлүм иштеп жатканын белгилеп, "Билим берүү бакалавр, магистратура жана докторантура деңгээлдеринде жүргүзүлөт. Биздин эң негизги максатыбыз ар дайым жогорку сапаттагы билим берүүнү камсыз кылуу болуп келген."-деп айтты.

Проректор сөзүн улап: "Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы 1000 университеттин катарына кирген алгачкы университет болдук жана бул көрсөткүчтү акыркы үч жылдан бери сактап келе жатабыз. Ал эми QS рейтингинде болсо Борбордук Азиядагы университеттердин арасында акыркы эки жылдан бери алдыңкы 10 университеттин катарында турабыз. Бул “Манас” университетинин эл аралык деңгээлде жетишкен ийгиликтерин айкын көрсөтүп турат,"-деди.

Жал аймагында жайгашкан кампусубуз улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымына татыктуу

Проректор Ибраев маегин улантып, "Бүгүнкү күндө өз ишмердүүлүгүбүздүн жана эл аралык кызматташууларыбыздын натыйжасында университетибиз дүйнөгө таанылган деңгээлге жетти. Европа өлкөлөрүнөн, Венгриядан, Түркиядан жана Борбордук Азиядагы алдыңкы университеттер менен күчтүү жана активдүү кызматташтык жүргүзүп жатабыз," - деп белгиледи.

Анын айтымында, бул ийгиликтер “Манас” университетине болгон кызыгууну арттырып, чет өлкөлүк студенттер да "Мен сөзсүз түрдө “Манаста” окушум керек" деген көз караш менен кайрылып жатышат.

Проректор Алмаз Ибраев университетте учурда 6 миң 500 студент билим алып жатканын жана алардын арасында 14 ар башка өлкөдөн келген студенттер бар экенин белгилеп, "Мунун негизги себеби - эки диплом берүү тутумубуз. Студенттер окууну аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дипломун да, Түркия Республикасынын мамлекеттик дипломун да алышат. Бул дипломдор эки өлкөдө эле эмес, бүт дүйнө жүзүндө таанылат. Биздин бүтүрүүчүлөр алган дипломдорунун негизинде дүйнөнүн каалаган жеринде иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат."- деп айтты.

Ибраев сөзүн улап, университетке болгон чоң кызыгуу тууралуу "Университетибизде билим алууга болгон суроо-талап абдан жогору. Бул кызыгуу Кыргызстан менен эле чектелбестен, Орто Азия өлкөлөрүнөн жана Түркиядан келген студенттер арасында да чоң атаандаштык  жаратууда"- деп белгиледи.

"Сабактар кайсы тилдерде окутулат? Кыргызстанда стипендия берип, акысыз билим берген жалгыз университет силерби?" деген суроого жооп берип, проректор Ибраев университетте сабактар негизинен кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөрүн, айрым факультеттерде англис тилинде да окутуу жүрүп жатканын белгиледи.

"Айрыкча экономика жана эл аралык мамилелер бөлүмдөрүндө сабактар англис тилинде өтөт. Биздин студенттер Кыргызстан жана чет өлкөлөрдүн жарандары болгондуктан, орус тилин да жакшы өздөштүрүшөт. Ошентип, бүтүрүүчүлөрүбүз төрт тилде – кыргызча, орусча, түркчө жана англисче – компетенцияга ээ болуп чыгышат," – деп айтты.

Акысыз билим берүү системасына да токтолгон проректор Ибраев "Кыргызстанда толугу менен акысыз билим берген жалгыз университет – бул биздин университет. Университетибизде контракттык система жок. Биздин негизги максатыбыз – эки өлкө ортосундагы достукту бекемдөө жана билим берүү тармагына салым кошуу. Отуз жылдан бери студенттерден эч кандай акы албайбыз, тескерисинче, стипендия беребиз. Мамлекеттик стипендия алган студенттер кошумча стипендияларды да пайдалана алышат."-деп белгиледи.

Проректор бул ыкма университетке болгон кызыгууну кыйла арттырганын баса белгилеп, "Бул система аркылуу студенттерибиз сапаттуу билим алып эле тим болбостон, эл аралык деңгээлде да маанилүү артыкчылыктарга ээ болушат,"–деди.

“Манас” университети заман талабына ылайык өнөр жай же айыл чарба сыяктуу тармактар менен кызматташып жатабы? Бүтүрүүчүлөрдү билимдерин улантуу үчүн Түркияга жөнөтөсүздөрбү? Түркиядагы университеттер же мекемелер менен кызматташууңар барбы?" деген суроого жооп катары Ибраев заманбап билим берүүдө практикалык тажрыйбанын маанисин баса белгиледи. "Биздин студенттерибиз айыл чарба же ветеринария тармагында гана эмес, бардык факультеттерде өз адистигине ылайык иштеген мекемелер, компаниялар жана мамлекеттик органдар менен кызматташып жатышат," –деп айтты . Мунун катарында жакында эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев чоң делегация менен “Манас” университетине келгенин айтып өттү.

Түркия менен жүргүзүлүп жаткан кызматташуулар

Проректор Ибраев маегинде "Биз Түркия Республикасы менен тыгыз кызматташуудабыз. Айрым бөлүмдөрдөгү студенттерибиз тажрыйбаларын Түркияда өтөшөт. Айрыкча туризм багытында окуган студенттерибиз мейманканаларда же тамак-аш индустриясын башкаруу жана гиддик кызматтар тармагында жарым семестр же бир семестр бою Түркияда билим алып, практикалык тажрыйба топтошот. Андан кийин Кыргызстанга кайтып келип, алган билимин жана тажрыйбасын бул жакта колдонушат,"– деп айтты.

"Жакында Түркия Республикасынын Вице-президенти профессор Жевдет Йылмаз расмий иш сапары менен Кыргызстанга келип, “Манас” университетинин 30 жылдык мааракесине катышты. Сапар учурунда ал Камкорчулар кеңеши менен жолугушуп, университеттин QS рейтингинде алдыңкы 1000 университеттин катарына киргенин жогору баалап, мындан да жогорку орундарга чыгуусун каалады. Келечекке болгон пландарыңыз менен бөлүшө аласызбы?" деген суроого жооп катары Ибраев университеттин 30 жылдыгы 2025-жылдын 16-сентябрында расмий салтанат менен белгиленгенин, бул мааракеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Түркия Республикасынын Вице-президенти профессор Жевдет Йылмаз катышканын айтты. Ошондой эле салтанатта Кыргызстан тараптан министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана чет өлкөлөрдөн келген ректорлор да катышканын белгиледи. Мындай даражадагы катышуулар– эки өлкөнүн “Манас” университетине берип жаткан колдоосунун жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун айкын далили экенин баса белгиледи.

Университеттин келечек максаттарын бөлүшүп, "Бүгүнкү күнгө чейин алган колдоолорубуз биз үчүн абдан маанилүү. Заманбап университет катары жаштардын муктаждыктарын эске алуу менен жаңы бөлүмдөрдү ачууну пландап жатабыз. QS рейтингинде дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин катарына киргенибизге кубанычтабыз. Кийинки беш жылда болсо дүйнөнүн эң мыкты 500 университетинин катарына кирүүнү максат кылабыз."- деп айтты.

Ибраев заманбап шарттарга ылайыкташтыруу жана жаңы факультеттер тууралуу "Бул жылы Кыргыз тили жана адабияты программасын ачтык. Максатыбыз өлкөбүз үчүн кыргыз тили багытында адистерди жана академиктерди даярдоо. Мындан тышкары, медицина факултетин да негиздедик. Студенттерибиз үч жыл Кыргызстанда, үч жыл Түркияда окушат. Кийинки жыл үчүн IT, жасалма интеллект жана курулуш инженериясы сыяктуу багыттарда жаңы бөлүмдөрдү ачууну пландап жатабыз. Бардык сабактар кыргыз тилинде өтүп, бул университетибизди өзгөчөлөнтүп турат."- деп белгиледи.

Маектин аягында проректор Ибраев ыраазычылык билдирип, "Бул маек аркылуу кубанычыбызды бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн тапканыбызга абдан кубанычтабыз. Айрыкча Түркиядагы бир тууган элибизге университетибиздин жетишкендиктерин жана максаттарын жеткирүүгө көмөк көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем."-деп сөзүн жыйынтыктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү