2025-жылдын 10-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлук жыйындар залында Инженердик факультеттин Экология инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, ректордун кеңешчиси, профессор Зарлык Маймековдун 70 жылдык мааракесине арналган атайын майрамдык программа өткөрүлдү.
Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Исмет Алтынташ, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору, доцент Жыргалбек Сыдыков, Инженердик факультеттин деканы, доцент Нурзат Тотубаева, Табигый илимдер факультетинин деканы, профессор Гүлбүбү Курманбекова, профессор Маймековдун студенттери, профессордук-окутуучулук курам, административдик кызматкерлер жана студенттер катышты.
Программа эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери менен башталып, андан соң университеттин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө профессор Маймековдун ийгиликтүү окутуучу гана эмес, ошондой эле үлгүлүү инсан экенин баса белгиледи. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: “Биз ар бирибиз бир күнү кызматтан кетебиз, бирок айрым окутуучулардын үзүрлүү эмгеги, билим алган студенттери жана өздөрүнүн калтырган издери менен эч качан чыныгы мааниде ардактуу эс алууга кеткен болуп эсептелбейт. Зарлык Маймеков да ошол кадырлуу окутуучулардын бири.”
Профессор Жейлан кыргыз макалдарын мисал келтирип, эмгекти баалоо жана ыраазычылыктын маанисине токтолду: “Адамдын баркын көзү тирүүсүндө билиңиздер, анын жакшы сапаттарын ошол учурда айтыңыздар.” Ал профессор Маймековдун билимин жана эмгекчил мүнөзүн жогору баалап, бул маанилүү иш-чараны уюштурган студенттерге, декандарга, окутуучуларга жана университеттин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.
Проректор, профессор Исмет Алтынташ өз сөзүндө профессор Маймековдун акылмандыгы жана тажрыйбасы жүздөгөн студенттердин тагдырына таасир тийгизгендигин белгиледи: “Урматтуу устатыбыздын нуру биздин жолубузду жарык кылып келет. Ага чын ден-соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм.”
Инженердик факультеттин деканы, доцент Нурзат Тотубаева профессор Маймековдун эмгекчилдиги жана илимий ийгиликтерине токтолуп өттү: “Агай көп жылдар бою жүздөгөн студенттерге багыт берип, өлкөбүзгө жогорку квалификациялуу инженерлерди жана эколог адистерин даярдоого салым кошту. Адамдык сапаттарыңыз жана үлгүлүү жүрүм-турумуңуз менен бардыгыбызга үлгү болуңуз. Сизге ыраазычылык билдирип, мындан аркы эмгегиңиздин жана жолуңуздун байсалдуу болуусун каалайм.”
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору, доцент Жыргалбек Сыдыков мындай деди: “Зарлык Маймеков агай менен 30 жылдан ашуун убакыттан бери таанышмын жана бирге иштешип келем. Анын студенти болгонума абдан сыймыктанам. Кыргыз эли сизди илим жана билим тармагындагы алдыңкы окумуштуу катары билет. Сиздин басып өткөн жолуңуз биз үчүн дайыма үлгү болуп келди.”
Программанын жыйынтыгында профессор Зарлык Маймеков 2000-жылы “Манас” университетине келгенин жана быйыл университетте 25 жылдан бери эмгектенип келе жатканын белгиледи. Ал өз сөзүндө илимий жашоосу, жүргүзгөн изилдөөлөрү, коомдук ишмердүүлүгү, тарбиялаган шакирттери жана Green Metrics рейтинг системасы боюнча жасаган эмгектери тууралуу айтып өттү. Профессор Маймеков университетке, инженердик факультеттин профессордук-окутуучулук курамына, жетекчилерге, декандарга, бөлүм башчыларына, кесиптештерге, конокторго, студенттерге жана үй-бүлөсүнө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле жаштарды ар дайым билим алууга жана изденүүгө чакырды.
Иш-чара профессор Маймековго гүлдөрдү жана белектерди тартуулоо, андан соң жалпы эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.