Түркиянын маалымат видеооператорлору ассоциациясынын төрагасы Айтекин Полател жана аны коштогон делегация 2025-жылдын 13-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
Жолугушууга ректордун жардамчысы, профессор Исмет Алтынташ жана башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап маалымат жана медиа тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Ассоциациянын төрагасы Айтекин Полател “Манас” университетине келгенине кубанычын билдирип, “Түрк дүйнөсүнүн биригүү борбору болгон “Манас” университети менен биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу биз үчүн чоң кубаныч.”-деп айтты.
Полател ошондой эле маалымат жана медиа тармагындагы кызматташууга көрсөткөн колдоосу үчүн ректор, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.
Ректор Жейлан дагы бул жолугушуудан ыраазы экенин белгилеп, “Басма сөз жана медиа тармагында биргеликте жүргүзүлө турчу иштер эки өлкөнүн маданий байланышын дагы да бекемдейт.”-деп билдирди.
Жолугушуу жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.