Гватемала Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Эдуардо Энрике Эрнандес Ресинос 2025-жылдын 13-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
Ректорлук макамында өткөн жолугушууда эки өлкө ортосундагы билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Иш-чарага биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Исмет Алтынташ жана башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Ресинос “Манас” университетинин билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгү жана эл аралык байланыштары тууралуу маалымат алды.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университети Түрк дүйнөсү менен гана эмес, Латын Америка өлкөлөрү менен дагы академиялык байланыштарды чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи: “Мындай жолугушуулар өлкөлөрүбүздүн достугун бекемдеп, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт,”
Жолугушуу эстелик сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.