2025-жылдын 20-21-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) 30 жылдык мааракесине карата Түрк мамлекеттер уюмунун Түрк университеттер биримдигинин II Салттуу спорт оюндары шаңдуу маанайда өткөрүлдү.
Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкөм, Азербайжан Республикасынын Элчиси Латиф Сейфаддин уулу Гандилов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, ТКТРнын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир сыяктуу коноктор катышты. Ошондой эле иш-чарада Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, Кыркларели университетинин ректору, профессор Ренгин Ак, Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мирлан Дылдаев, КТМУнун проректорлору профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, ошондой эле көптөгөн окутуучулар, коомдук уюмдардын жетекчилери, журналисттер жана студенттер катышышты.
Түрк дүйнөсүнүн спортчулары “Манас” университетинде жолугушту
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) өткөн II Салттуу спорт оюндары түрк маданиятынын бай мурасын даңазалаган, улуттук оюндардын унутулгус майрамына айланган чоң салтанат менен башталды.
Түрк дүйнөсүндөгү бир туугандык, достук жана маданий байланышты чыңдаган бул маанилүү иш-чарага Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, Анкара музыка жана көркөм-өнөр университети, Халил Досмухамедов атындагы Атырау мамлекеттик университети, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Фырат университети, Кыргызстан эл аралык университети, Стамбул университети, Кахраманмараш Сүтчү Имам университети, Хожа Ахмет Ясави атындагы эл аралык Түрк-Казак университети, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети, Батыралы Сыдыков атындагы эл аралык Кыргыз-Өзбек университети, Коркут-Ата Кызылордо мамлекеттик университети, Нигде Өмер Халисдемир университети, Ош мамлекеттик университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спортчулары катышышты.
Ачылыш аземи салттуу спорт оюндар майданында өтүп, “Салттуу спорттун тарыхы” аттуу көркөм программа менен уланды. Сахнадагы театралдык көрүнүштөр, улуттук бий, оюн-зоок көрсөтүүлөрү жана ат үстүндөгү чебердик оюндар көрүүчүлөргө түрк баатырдык рухун чагылдырган атмосфера тартуулады.
Кыз куумай, эр сайыш, ашык оюндар, комуз жана жетиген обондору менен коштолгон көркөм иш-чара түрк дүйнөсүнүн бай маданиятын, биримдигин жана кылымдарды карыткан салттуу мурасын элге жеткирди.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Түрк дүйнөсүнүн жаштары Манастын бириктирүүчү канаттарынын алдында жолугушту”
Түрк мамлекеттер уюмунун Түрк университеттер биримдигинин II салттуу спорт оюндарынын ачылыш аземинде сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн биримдиги, ынтымагы жана жалпы маданий баалуулуктары жөнүндө кеңири айтып өттү.
Профессор Жейлан:“Манас атабыздын бириктирүүчү канаттарынын алдында, түрк дүйнөсүнүн бардык университеттерин «Манас» университетинде чогулттук,” – деп белгилеп, КТМУнун түрк дүйнөсүнүн жаштарын бириктирген символдук маанисине көңүл бурду.
Ректор өз сөзүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ойлорун да эскерип өттү:"Айтматов Маңкурт болбогула"-деп айткан. Анткени адам өзүн, өз маданиятын унутканда маңкуртка айланат. Өзүңөрдүн тамырыңарга, маданиятыңарга бекем болгула. Айтматов айткандай, "Бул кең талаада бир күнү түрк дүйнөсүнүн университети курулуп, анда түрк дүйнөсүнүн жаштары бир чатырдын алдында билим алат" десе ким ишенмек эле? Тилекке каршы, Айтматов бул улуу күндү көргөн жок, бирок биз анын руху бүгүн биз менен бирге экенине ишенебиз"-деп айтты профессор Жейлан.
Ал өз сөзүндө Билге Каган айткан накыл кептерге да кайрылып, жаштарга терең маанилүү сабак берди:“ Үстүңдө көк асман кыйрамайынча, астыңдагы кара жер жарылмайынча, сенин элиң менен салтыңды ким буза алат? Мына, жаштар, силер да өз элиңерди, салтыңарды жана маданиятыңарды сактоо үчүн барсыңар. Салттуу спорт-бул маданият менен спорттун кесилишкен чекити, демек, маданиятыбызды сактоо-ар бирибиздин милдетибиз,”-деди.
Сөзүнүн соңунда профессор Жейлан, XIII салттуу спорт оюндар симпозиуму 2025-жылдын 30–31-октябрында Кахраманмараш Сүтчү Имам университетинде өтөрүн белгилеп, түрк дүйнөсүнүн илим, маданият жана спорт тармагындагы биримдигин жана туруктуулугун дагы бир жолу баса белгиледи.
Биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев:“Тамыры терең өткөн тарыхыбыздан алган күч менен жаштарыбыз келечегибизди курат”
Түрк мамлекеттер уюмунун Түрк университеттер биримдигинин II салттуу спорт оюндарынын ачылышында сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев түрк элдеринин орток мурасына, жаш муундардын бул мурасты келечекке алып чыгуу жоопкерчилигине жана спорттун бириктирүүчү күчүнө токтолду.
Профессор Ибраев өз сөзүндө «Биз-терең тамырлуу, бай тарыхка ээ болгон байыркы түрк элдерибиз. Руханий биримдикти чыңдоодо жана эл аралык байланышты бекемдөөдө жаштарыбыздын ролу абдан чоң.»-деп айтты.
Маданий өзгөчөлүктү сактоонун маанисине да токтолуп, Ибраев:“Өз маданиятыбызды, тилибизди жана салтыбызды эч качан унутпашыбыз керек. Технология тез өнүккөн бул доордо биз тамырыбызга жана салтыбызга мурдагыдан да бекем жабышышыбыз зарыл.”-деп белгиледи.
Спорттун инсандык өнүгүү жана мүнөз тарбиялоодогу ролун белгилеген проректор мындай:“Спорт-адамдын мүнөзүн, эркин жана сабырын чыңдаган дүйнөлүк баалуулук. Эң башкысы, урматтуу спортчулар, силерге ак ниет атаандаштык жана адилеттүү күрөш каалайм.”
Ал эми КТМУнун Спорт илимдер факультетинин деканы, профессор Жыпаркүл Абдырахманова өз сөзүндө салттуу спорт оюндардын максаты эл аралык достукту чыңдоо, жаштарга улуттук баалуулуктарды жана биримдик рухун сиңирүү экенин белгиледи.
Профессор Абдырахманованын айтымында, II салттуу спорт оюндарына Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө үч өлкөдөн-Түркия, Казакстан жана Кыргызстандан жалпы 15 университет катышкан. Иш-чарага 85 кыз жана 124 жигит спортчу, ошондой эле 28 машыктыруучу жана команда жетекчиси тартылган. Алардын катарында эл аралык деңгээлдеги мелдештерде ийгилик жараткан белгилүү спортчулар да бар экенин кошумчалады.
Мелдештердин эң жогорку деңгээлде өтүшү үчүн бардык спорттук жайлар кылдат даярдалганын белгилеген профессор Абдырахманова, оюндардын эл аралык эрежелерге ылайык жана адилеттүү өтүшүн камсыздоо максатында өлкөдөгү эң тажрыйбалуу калыстар тартылганын билдирди.
Расмий ачылыш аземинен кийин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин салттуу спорт оюндар майданында “Көк-бөрү” жана “Салбуурун” мелдештери өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында тогуз коргоол, мангала, алыш күрөшү, шалбар күрөшү, таяк күрөшү (Mas Wrestling), кыргыз күрөшү жана салттуу жаа атуу сыяктуу спорт түрлөрү боюнча мелдештер эки күн бою чоң кызыгуу жана кубаныч менен уланды.
II салттуу спорт оюндары достук жана биримдик менен жыйынтыкталды
Түрк мамлекеттер уюмунун Түрк университеттер биримдигинин II салттуу спорт оюндары жабылыш аземи Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы конференция залында өзгөчө шаңдуу маанайда өткөрүлдү.
Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун Түрк университеттер биримдигинин өкүлдөрү, университеттин жетекчилиги, спортчулар, окутуучулар, студенттер жана көптөгөн коноктор катышты.
Сыйлык тапшыруу бөлүгүнө чейин иш-чаранын жыйынтык билдирүүсүн II салттуу спорт оюндарынын уюштуруу комитетинин төрайымы, башкы калыс жана КТМУнун Спорт илимдер факультетинин деканы, профессор Жыпаркүл Абдырахманова жарыялады.
Профессор Жыпаркүл Абдырахманова: “Түрк дүйнөсүнүн достук жана биримдик руху бул иш-чарада кайрадан жанданды”
II салттуу спорт оюндарынын жабылыш аземинде сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Спорт илимдер факультетинин деканы, профессор Жыпаркүл Абдырахманова иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
Профессор Абдырахманова өз сөзүндө мындай деди: “Түрк мамлекеттер уюмунун Түрк университеттер биримдигинин кызматташтыгында өткөрүлгөн II салттуу спорт оюндарынын ийгиликтүү аякташын чын дилимден куттуктайм. Бул маанилүү иш-чара эл аралык деңгээлде адилеттүү атаандаштык шартында өткөн үлгүлүү уюштуруу болду.”
Жабылыш аземинде сөз алган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, иш-чаранын маанисине токтолду.
Профессор Ибраев өз сөзүндө мындай деди:“Бул иш-чаранын негизги максаты – түрк элдеринин студенттеринин ортосундагы ынтымакты жана өз ара байланышты чыңдоо. Биздин университеттин урааны-"Университеттен да артык". Биз билим жана илимий изилдөөлөр менен гана эмес, коом жана жаштар менен тыгыз кызматташтыкта болууга умтулабыз. Ушундай маданий жана спорттук иш-чаралар аркылуу жаштарыбызды спортко тартуу жана маданий мурасыбызды сактоого үндөө – негизги милдетибиз.”
Жабылыш аземинин жүрүшүндө салттуу спорт федерацияларынын жетекчилерине КТМУ тарабынан ыраазычылык каттары жана медалдар тапшырылды.
Иш-чара жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Маданият менен спортту бириктирген бул масштабдуу уюштуруу Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын ортосундагы достук байланышты чыңдоого жана орток баалуулуктарды сактоого зор салым кошту.
Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары биз салттуу спорттор аркылуу өткөндөн келечекке карай күчөгөн бай мурасты жашатып, биримдик жана ынтымак рухун бирге чыңдап келе жатабыз.