2025-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекет боюнча эң мыкты окуган 92 студентке Президенттик стипендия ыйгарды. Бул жылы сыйлыкка ээ болгон студенттердин арасында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин сегиз мыкты студенти да бар.
2024–2025-окуу жылында илимий, чыгармачыл жана коомдук иштердеги жигердүү эмгеги менен айырмаланган студенттер: гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн кытай тили жана адабияты программасынын студенти Нурдинова Бегимай, гуманитардык факультетинин психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк багытынын студенти Нарбаева Арина, коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенттери Сабырбеков Төлөгөн менен Субанова Айана, журналистика бөлүмүнүн студенттери Абдурасулова Жайнагүл менен Муканбет кызы Сезим жана ошондой эле табигый илимдер факультетинин математика бөлүмүнүн студенти Сыдыгалиева Сезим жана экономика жана башкаруу факультетинин экономика бөлүмүнүн студенти Карыбаева Айгерим.
Жогоруда аталган студенттер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан өзгөчө Ардак грамотасы жана 60 миң сом өлчөмүндөгү стипендия менен сыйланышты.
Студенттерибизди бул маанилүү ийгилик менен чын жүрөктөн куттуктап, окууда жана келечектеги карьера жолунда ийгиликтерди каалайбыз.
Manas TV Haberi: