КТМУда “ЛОВЗ kg” коомдук бирикмеси тарабынан кайрымдуулук концерти уюштурулду


  • 2025-11-04

2025-жылдын 3-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында “ЛОВЗ kg” коомдук бирикмеси тарабынан кайрымдуулук концерти өткөрүлдү.

Иш-чарага КТМУнун башкы катчысы, док. Фатих Рамазан Истанбуллугил, ректордун кеңешчиси, профессор Кемал Полат, академиялык жана административдик кызматкерлер жана студенттер катышты.

Концерт учурунда бирикменин мүчөлөрү жана жаштар тартуулаган өнөрлөр көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жылуу кабыл алынды

Университетибизде өткөн бул маанилүү иш-чара жаштарга жана көрүүчүлөргө унутулгус көз ирмемдерди тартуулап, коомдук биримдикти жана социалдык жоопкерчилик сезимин чыңдоого өбөлгө түздү.

    Социалдык медиада бөлүшүү