Үч миң жылдык тарыхы, жүздөн ашык маданий жана тарыхый мурасы менен дүйнөнүн эң байыркы шаарларынын бири болгон Самаркандда быйыл ЮНЕСКОнун 43-жалпы конференциясы болуп өттү.
Тарыхта биринчи жолу Өзбекстанда өткөрүлгөн конференциянын расмий ачылышы 2025-жылдын 30-октябрында чоң катышуу менен өттү. Эки жума улануучу жыйындарга 194 өлкөдөн 5 миңден ашык делегат, окумуштуу жана адис катышууда.
Ачылыш аземине ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Сербиянын Президенти Александар Вучич, Словакиянын Президенти Петер Пеллегрини жана Түркиянын өкүлү катары Түрк мамлекеттери менен байланышы боюнча төрагасы Күршад Зорлу катышты. Ошондой эле көптөгөн мамлекет жана өкмөт башчылары, министрлер, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Мирзиёев: «Өзбекстан Чыгыш менен Батышты байлаган көпүрө»
Ачылыш сөзүндө Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев өлкөсүнүн ЮНЕСКО менен жүргүзгөн кызматташтыгын белгилеп, бул маанилүү конференцияны Өзбекстанда өткөрүүнүн символдук мааниси бар экенин айтты. Ал: "Мындай маанилүү конференция биздин өлкөдө өткөрүлүп жатканы, ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттердин Жаңы Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан кеңири жана ылдам реформаларга ишениминин ачык көрсөткүчү. Өзбекстан Чыгыш менен Батыш, Түндүк менен Түштүк ортосундагы шайкештик көпүрөсү болуп, баарына ачык, конструктивдүү кызматташууга дайыма даяр" - деди.
Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын сунушу менен 15-декабрь «Дүйнөлүк Түрк тили күнү» деп жарыяланды
Конференциянын жаңылыктарынан бири — Түркия Президенти Р. Т. Эрдогандын сунушу менен 15-декабрды "Дүйнөлүк түрк тили күнү" деп жарыяланды.
Бул чечим Өзбекстандын сессиясында талкууланып, бир добуштан кабыл алынды.
Түркиянын ЮНЕСКОдагы туруктуу өкүлү, Элчи Гүлнур Айбет алынган чечимдин көп тилдүүлүккө жана маданий ар түрдүүлүккө берилген баанын, маанинин белгиси экенин айтты. Айбет: "ЮНЕСКО Дүйнөлүк Түрк тили күнүн белгилеп, элдер арасындагы диалогго жана маданий байлыктын сакталуусуна болгон берилгендигин дагы бир жолу тастыктады" - деди.
Чечимдин деталдары талкууланган атайын сессияда Түркияны Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрагалык кызматтагы Күршад Зорлу өкүлчүлүк кылды.
Зорлу өз сөзүндө: "Бүгүн Түрк дүйнөсү үчүн өтө маанилүү чечим кабыл алынды. Эми ар жыл сайын 15-декабрь «Дүйнөлүк Түрк тили күнү» катары белгиленет. ЮНЕСКОнун жалпы конференциясын Самаркандда өткөрүү — бүт Түрк дүйнөсү үчүн сыймык. Бул Өзбекстандын жана Өзбек маданиятынын Түрк дүйнөсүндө гана эмес, бүтүндөй дүйнөдө чоң мааниге ээ экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат" - деп белгиледи.
Глобалдык күн тартиби: Билим, илим, маданият жана санариптик трансформация
Конференция учурунда билимден илимге, маданий мурастан санариптик өзгөрүүгө чейин ЮНЕСКОнун негизги темалары талкууланат.
Катышуучулар ошондой эле климаттык өзгөрүүлөр, жаштардын билимге жетүүсү жана маданий ар түрдүүлүктү сактоо сыяктуу глобалдык көйгөйлөргө чечимдерди сунуш кылат.
Иш-чаранын алкагында 14-ЮНЕСКО Жаштар форуму жана 12-ЮНЕСКО улуттук комиссияларынын аймактар аралык жыйыны да өткөрүлөт.
Мындан тышкары "Самарканд - 3000 жылдык тарыхый мурас" аттуу эл аралык илимий конференция катышуучуларга байыркы шаардын маданий байлыктарын таанытууда.