“Манас” университети 7–8-ноябрь – Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күндөрүн ата-бабаларга таазим жана боордоштук руху менен белгиледи


  • 2025-11-07

2025-жылдын 6-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 7–8-ноябрь – Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө арналган маанилүү эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чара Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өтүп, ага КТМУнун биринчи проректору, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, док. Фатих Рамазан Истанбуллугил, Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жетекчиси, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахманов, академиялык жана административдик кызматкерлер, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Программа 1938-жылдагы репрессия курмандыктарын эскерүү жана алардын ыйык элесине таазим кылуу менен башталып, андан соң Кыргызстан менен Түркиянын улуттук гимндери аткарылды.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн биринчи проректор Алмаз Ибраев тарыхты унутпоо жана аны кийинки муундарга жеткирүүнүн маанисин баса белгиледи. Ал кыргыз элинин 3000 жылдык терең тарыхына, 9–10-кылымдардагы Улуу Кыргыз каганатына, мамлекеттүүлүктүн муундан муунга уланып келүүсүнө өбөлгө түзгөн тарыхый мураска токтолуп: “Бул күндү силер менен чогуу белгилеп жатканыбыз чоң кубаныч. Бул биз үчүн абдан маанилүү күн. Тарыхыбызды изилдеп, таанып жана билишибиз керек” — деди.

Биринчи проректор 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленгенин эске салып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен мамлекеттүүлүктүн калыптанышына эбегейсиз салым кошкон Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев жана Жусуп Абдрахманов аттуу көрүнүктүү инсандардын ысымдары кыргыз жерлерине расмий ыйгарылганын айтты. Студенттерге кайрылып: “Ата-бабаларыбыз бул күндөрдү бизге кандай камсыздап кетсе, биз да келечекти ошондой жоопкерчилик менен ойлошубуз керек. Билим канчалык терең болсо, келечекке кошкон салым ошончолук күчтүү болот. Ата-бабалардан калган маданиятыбыз, каада-салттарыбыз, тилибиз — баа жеткис мурас; аларды сактоо — ар бирибиздин милдетибиз. Өмүр өтүп кетсе да, эл бизди эмгегибиз менен эстесин. Бүгүнкү тынч жашоону белек кылып кеткен ата-бабаларыбызды дайыма эскерип, аларга дуба кылып жүрөлү.”

Андан соң сөз алган Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык бул күн ата-бабаларга болгон ыраазычылыктын жана тарыхка болгон бекем байланыштынын символу экенин белгиледи. Ал: “Бул күн — ата-бабаларыбызга болгон ыраазычылыгыбызды билдирүү, алардын бизге калтырган баалуу мурастарын жашатуу жана аларды дагы бир жолу эскерүү үчүн белгиленген маанилүү күн. Ата-бабаларыбыздын курмандыктары жана билими — келечегибизге багыт көрсөткөн негизги булак. Тарыхын унуткан элдин келечеги болбойт. Өмүрүн түрк элдеринин келечеги үчүн арнаган бардык ата-бабаларыбызды урмат жана ыраазычылык менен эскерем,” — деди.

Программа “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинин жетекчиси, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахмановдун студенттерге арналган маанилүү сабагы менен уланды. Ал Сталин доорундагы репрессиянын тарыхына токтолуп, казуу иштеринде табылган кийим калдыктары, сөөк бөлүктөрү, алтын тиштер жана документтер бул окуялардын тарыхый далили экенин айтты. Ошондой эле 100гө жакын түрк жараны тууралуу маалыматты камтыган китепче даярдалганы жана аны Түркияда жарыялоого аракеттер көрүлүп жатканы кабарланды. Сөзүнүн аягында ал 7–8-ноябрды майрам катары эмес, Ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салып, катышуучуларга аларды урматтоо менен эскерип турууга чакырды.

Иш-чарада катышуучулар ата-бабалардын жасаган курмандыктары үчүн терең ыраазычылык менен таазим кылып, өз тарыхына жана ата-бабаларга болгон урматын дагы бир ирет көрсөтүштү. Иш-чаранын соңунда Абдырахмановго Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин “30 жылдык төш белгиси" тапшырылды. Программа ыраазычылык баракчасын тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү