“Манас” университетинин Коммуникация факультетинин окутуучусу InCuFF фестивалында эл аралык сыйлыкка ээ болду


  • 2025-11-07

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Коммуникация факультети эл аралык деңгээлдеги ийгиликке жетишти. 2025-жылдын 22–25-октябрь күндөрү Денизли шаарында өткөн InCuFF фестивалында Коммуникация факультетинин окутуучусу жана академикалык адис Фахри Тархан кесиптик сынак категориясында “Эң мыкты сүрөт” сыйлыгына татыды.

Тархан бул престиждүү сыйлыкты “Бүркүтчү Мирлан” аттуу фотосүрөтү менен алды. АКШдан тартып Якутияга, Гавайиден Палестинага чейин дүйнөнүн булуң-бурчунан келген жүздөгөн фильм жана фото долбоорлор катышкан бул фестивалдагы ийгилик “Манас” университетинин эл аралык маданий жана көркөм иш-чаралардагы күчтүү ордун дагы бир жолу тастыктады.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан Коммуникация факультетинин окутуучусу, академикалык адис Фахри Тарханды бул маанилүү жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттайбыз жана университетибизди эл аралык аренада татыктуу деңгээлде тааныткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

    Социалдык медиада бөлүшүү