Кипрде өткөн V “Манас” форуму Түрк дүйнөсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келди


  • 2025-11-10

2025-жылдын 6–8-ноябрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсү стратегиялык изилдөө борбору менен Анкара коомдук илимдер университетинин Түндүк Кипр кампусу биргелешип уюштурган V “Манас” форуму АКИУнин Түндүк Кипр кампусунун жыйындар залында ийгиликтүү өткөрүлдү.

Форумдун негизги темасы “Аймактык жана глобалдык өнүгүүлөрдүн алкагында Түрк дүйнөсү аттуу эл аралык конференция” деп белгиленди. Конференциянын ачылыш аземи Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенттик комплексинде өткөрүлдү.

Форумга Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Туфан Эрхүрман, Түркия Республикасынын Лефкошадагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Али Мурат Башчери, ТКТРнын Курулуш жана транспорт министри Эрхан Арыклы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Анкара коомдук илимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжан, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, КТМУнун Түрк дүйнөсү стратегиялык изилдөө борборунун директору, окутуучулар, студенттер жана көп санда катышуучулар катышты.

Форумдун ачылыш аземинде сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, форумдун жыйынтыктары теориялык деңгээлде гана калбастан, практикалык деңгээлде да өз ордун табарына ишенерин белгиледи. Профессор Чапак иш-чарага салым кошкон бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, форумдун ийгиликтүү аякташын тиледи.

Форумдун ачылышында сүйлөгөн Түркиянын Левкoшадагы Элчиси Али Мурат Башчери, түрк дүйнөсүнүн XXI кылымда өсүп жаткан күч борборлорунун бири болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгилеп, Түрк мамлекеттери уюмунун алкагында ынтымакты жана кызматташууну дагы да бекемдөө зарылдыгын айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Курулуш жана Байланыш министри Эрхан Арыклы болсо, Кыргыз Республикасы менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы ортосундагы алгачкы маданий кызматташтык протоколу 2006-жылы, ошол учурдагы Кыргызстандын Маданият министри болгон Султан Раевдин демилгеси менен ишке ашканын эске салып, көрсөткөн салымы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Арыклы өз сөзүндө "Манас" эпосу бүт түрк дүйнөсүнүн жалпы мурасы экенин баса белгилеп: "Манасты айтып туралы; анын маанисин, эмнени билдирерин, эпосто эмне баяндалганын, мунун баарын билүү жана келечек муундарга жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз”, - деди.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан болсо Түндүк Кипр Түрк Республикасында өткөн бешинчи "Манас" форумунда сүйлөп жатып, "Манас" университети жөн гана билим берүү жайы эмес, улуттук, аймактык жана глобалдык маселелерге чечим издеген ой жүгүртүү борбору экенин белгиледи.

Ректор Жейлан: “Манас” университети жөн гана билим берүү мекемеси эмес, чечим издеген ой жүгүртүү борбору болуп саналат.”

Профессор Жейлан алгач 2021-жылы Анталья дипломатиялык форумунун алкагында өткөрүлгөн “Манас” форуму кыска убакыттын ичинде аймактык жана глобалдык деңгээлде таанылган академиялык платформага айланганын белгиледи.

“Жаңы Евразия концепциясы академиялык чөйрөгө багыт берүүдө”

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө Евразиянын геосаясий маанисине да токтолуп, дүйнөдөгү күч тең салмагы бара-бара Азия–Тынч океан багытына ооп жатканын белгиледи. "Бүгүнкү күндө эл аралык системада жүрүп жаткан күчтөрдүн өзгөрүүсүнүн борборунда Евразия турат. Бул жагдай бизге ‘Жаңы жана кандай Евразия?’ деген суроону жаратат. Түрк дүйнөсү бул жаңы геосаясий шартта өз үнүн күчтүүрөөк угузуш үчүн биргелешип аракеттениши абдан маанилүү”, — деди.

Ректор Жейлан: “Жаңы Евразия концепциясы глобалдык күч баланстарын кайрадан калыптандырууда.”

КТМУ ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө глобалдык күч балансынын Европа-Атлантика океан аймагынан Азия-Тынч океан аймагына жылып жатканын белгилеп, бул өзгөрүүнүн өзөгүндө Евразия турганын баса белгиледи.

Ректор, профессор Жейлан: “Бул күчтөрдүн өтүшү бизге “Жаңы жана кандай Евразия?” деген суроону коёт. Континенттин Азия тарабындагы өнүгүүлөрү глобалдык атаандаштыктын келечеги үчүн чоң мааниге ээ”, - деп, “Манас” форуму алкагында уюштурулган “Аймактык жана глобалдык өнүгүүлөрдүн алкагында Түрк дүйнөсү аттуу эл аралык конференциясы” бул процессти талдоо жана Түрк дүйнөсүндө кызматташтыкты күчөтүү үчүн маанилүү платформа экенин баса белгиледи.

Ректор Жейлан: “Түрк дүйнөсүндөгү биримдик жана өз ара кызматташтык келечекке үмүт берүүдө”.

Профессор Жейлан өз сөзүндө Түрк дүйнөсүндө жалпы иденттүүлүк жана кызматташтык түшүнүгү күчөп жатканын баса белгилеп, Борбор Азияда Орусия жана Кытайдын таасирдүү уюмдары менен катар, жалпы Түрк иденттүүлүгү жана жалпы Борбор Азия иденттүүлүгүнүн негизинде өнүгүп жаткан аймактык демилгелердин келечек үчүн үмүт берээрин белгиледи. “Түрк дүйнөсүндө пайда болгон мындай кызматташтыктардын акырындык менен күчөшү келечекке карай үмүт жаратууда. Исмаил Гаспыралынын  ‘Тилде, пикирде, иште биримдик’ түшүнүгүнүн конкреттүү кадамдар менен ишке ашырылып жатканын көрүү кубандырат”, - деди ал.

Профессор Жейлан конференция Түрк дүйнөсүндө интеграция, кызматташтык жана чечимге багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келерине ишенерин белгилеп, иш-чарага салым кошкон бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, форумдун ийгиликтүү аякташын каалады.

Программа алкагында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түрк дүйнөсү менен академиялык кызматташтык жана маданий интеграция жаатындагы баалуу эмгектери үчүн Анкара комдук илимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжанга “КТМУнун 30 жылдык кызмат медалын” тапшырды.

Салтанат учурунда профессор Жейлан профессор Арыжандын Түрк дүйнөсүнүн жалпы илимий жана маданий мурастарына кошкон салымдарынын маанисине токтолуп, бул сыйлыктын боордоштук жана жалпы максаттарга багытталган академиялык кызматташтыктардын символу экенин белгиледи.

Анкара коомдук илимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжан алган бул маанилүү сыйлыктын Түрк дүйнөсүнүн жалпы илимий, философиялык жана маданий биримдигине берилген баанын конкреттүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Профессор Арыжан Түрк дүйнөсүнүн жогорку окуу жайлары арасындагы тилектештиктин маанисине токтолуп, жалпы академиялык баалуулуктарды келечек муунга өткөрүүдө университеттерге чоң жоопкерчилик жүктөлөөрүн билдирди.

V “Манас” форуму актуалдуу темаларды карап чыгуу үчүн онлайн жана офлайн отурумдар менен өткөрүлдү. Форумдун алкагында геосаясий бурулуштар, жаңы күч баланстары, коопсуздук стратегиялары, экономикалык жана энергетикалык байланыштар, дипломатия, маданий кызматташтык жана коомдук трансформация сыяктуу темалар боюнча көптөгөн илимий баяндамалар сунушталды.

Ошондой эле катышуучулар Түрк мамлекеттери уюму жана жаңы дүйнөлүк тартип, аймактык күчтөрдүн кагылышы, маданий мурас жана иденттүүлүк куруу, тил саясаты сыяктуу чөйрөлөрдө пикирлери менен бөлүшүп, Түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхы жана маданий баалуулуктарына жол ачты.

Иш-чара эл аралык деңгээлдеги жолугушуу катары Түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхына, маданий мурасына жана академиялык кызматташтыгына маанилүү салым кошту.

    Социалдык медиада бөлүшүү