Османие Коркут Ата университетинде 2025-жылдын 12–14-ноябрь күндөрү «Өтмүш, бүгүн жана келечек» темасында Эл аралык «Коркут Ата» симпозиуму өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын негизги максаты Түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий баалуулуктарын илимий көз карашта талдоо болуп саналат. Симпозиумдун ачылыш аземи Османие Коркут Ата университетинин 15-июль Шейиттер амфитеатрында болуп өттү.
Ачылыш аземине Османие облусунун губернатору, доктор Эрдинч Йылмаз, Османие Коркут Ата университетинин ректору, профессор Тургай Узун, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Түрк тили коомунун төрагасы, профессор Осман Мерт, Ахмед Жевад институтунун жетекчиси, профессор Рухи Эрсой, Эл аралык Түрк Академиясынын президенти, профессор Шахин Мустафаев, Ататүрк Маданият, тил жана тарых жогорку кеңешинин төрагасы, профессор Деря Өрс, ошондой эле көптөгөн окумуштуулар жана студенттер катышты.
Ачылыштагы алгачкы сөздү Османие Коркут Ата университетинин ректору, профессор Тургай Узун сүйлөп, Коркут Атанын түрк маданиятындагы өзгөчө ордуна токтолду жана университеттин бул улуу мураска кам көрүү чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан да өз сөзүндө Коркут Атанын түрк тилине, маданиятына жана цивилизациясына жол көрсөткөн эң байыркы жана эң маанилүү булактардын бири экенин айтты.
Ректор, профессор Жейлан билдирүүсүндө: «Коркут Ата — бул жөн гана адабий чыгарма эмес; түрк элинин тарыхый, маданий жана коомдук баалуулуктарын муундан муунга жеткирген дүйнөлүк мурас. Бул эмгек түрк коомунун адеп-ахлак түшүнүгүн, ынтымак-берешендигин жана баатырдык рухун чагылдырып, ошол эле учурда коомдун баалуулуктарын жана салт-санаасын системалуу түрдө каттап калган илимий булак болуп саналат. Коркут Ата баяндарында ата-бабаларыбыз кыйынчылыктарды кантип жеңгенин, коомдук тартипти кантип сактаганын жана келечек муундарга кайсы баалуулуктарды өткөрүп бергенин көрө алабыз. Ушул жагынан алганда, Коркут Ата өткөнгө жарык чачкан маданий казына болуп, бүгүнкү коомдордун да өздүгүн түшүнүүсүнө жол көрсөткөн баалуу булак катары кызмат кылат»,- деп белгиледи.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүн: “Бүгүн бул жерде түрк дүйнөсүнүн түрдүү аймактарынан келген окумуштуулар менен чогулуп, бул байыркы мурасты илимий көз карашта талкуулоо жана жаңы көз караштар менен байытуу үчүн жолугуп отурабыз. Симпозиум Коркут Атанын коомдук, маданий жана тил өңүттөрүн тармактар аралык көз караш менен карап чыгып, академиялык адабиятка да, түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий эс тутумуна да маанилүү салым кошот», - деген сөздөр менен жыйынтыктады.
Ачылыш сөздөрүнөн кийин “Коркут Атада жер издөөлөр” темасындагы биринчи пленардык жыйын өткөрүлдү.
Бетме-бет өткөн илимий жыйындарда Коркут Атанын ар кандай багыттары кеңири талкууланды. Отурумдарда өзгөчө көңүл бурулган темалардын катарында “Түрк дүйнөсүндөгү коллективдүү эс-тутумдун негизинде Коркут Атанын аймактары”, “Коркут Атада ишеним, жөрөлгө жана ыйык тартиптин түзүлүшү”, “ Коркут Атанын баяндоо дүйнөсү: Акындык, салт жана баатырдык образы”, “Коркут Атанын музыка тили: белгиден баштап маданий түшүнүккө”, “Коркут Атанын цивилизация түшүнүгү: элдик билим, искусство жана илимдин ортосунда”, ошондой эле “Коркут Ата баяндарындагы түзүлүш, тил жана маанинин катмарлары” сыяктуу темалар болду. Катышуучулар бул мурастын коомдук баалуулуктар, салт түшүнүгү, тил жана маданий мурас жагынан көп катмарлуу түзүлүшүн илимий көз караш менен талдап чыгышты.
Симпозиумдун жүрүшүндө сунушталган баяндамалар кийинки мезгилде топтолуп, жарык көрүп, туруктуу илимий эмгек катары түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий эс-тутумуна кошулма