2025-жылдын 13-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) ректоратынын жыйындар залында Кыргызстандын Улуттук Эразмус+ координаторлугу тарабынан академиялык кызматкерлер үчүн маалыматтык семинар өткөрүлдү.
Иш-чарада Европа Биримдигинин билим берүү, жаштар жана спорт тармактарын камтыган Эразмус+ программасындагы долбоорлор жана аларды ишке ашыруу процесстери тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
“Эл аралык кызматташтыкка активдүү катышуу маанилүү”
Семинардын ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жогорку окуу жайлардын эл аралык долбоорлорго жана кызматташтыкка активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: “Эразмус+ долбоорлору заманбап университеттерге стратегиялык жоопкерчилик жана эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү сунат. Биз дүйнөлүк өнүгүүлөргө активдүү катышып, программанын сунуштаган потенциалынан толук түрдө пайдаланышыбыз керек. Учурда ишке ашырып жаткан алгачкы долбоорубуз эл аралык деңгээлде жана Кыргызстанда актуалдуу болгон тармактарды камтыйт. Студенттерибиздин негизги жөндөмдүүлүктөрүн өздөштүрүүсүнө багытталган натыйжаларды окуу программаларына интеграциялоону пландап жатабыз. Университет катары, Ысык-Көлдү коргоо, экология жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелерге жоопкерчилик алышыбыз керек”.
Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Ибраев сөзүнүн соңунда Кыргызстандын Улуттук Эразмус+ кеңсесине ыраазычылык билдирип, илимий жана эл аралык долбоорлор алдыдагы мезгилде дагы чоң мааниге ээ болорун белгиледи.
“Манас” университети Эразмус+ долбоору менен ишмердүүлүк экосистемасын чыңдайт
Семинарда “Манас” университети Эразмус+ долбоорунун алкагында туруктуу ишкердик экосистемасын түзүүнү максат кылып жатканы жана бул багытта ишке ашырылган Manas E-LAB долбоору ийгиликтүү жыйынтыкталып, бардык керектүү колдоолорду алганы айтылды.
КТМУнун Экономика жана башкаруу факультетинин Менеджмент бөлүмүнүн окутуучусу жана долбоордун координатору доцент Азамат Максүдүнов аталган долбоордун негизин түзгөн Manas E-LAB студенттик клубу университет менен жеке сектордун ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталганын белгилеп, төмөнкүлөрдү кошумчалады: “Бул студенттик клубдун негизинде Эразмус+ долбоорун даярдадык. Университетибиздин координатор мекеме катары долбоордо орун алышы — биз үчүн чоң жетишкендик”. Доцент Максүдүнов долбоордун тобуна жана университет жетекчилигине ыраазычылык билдирип, иш-аракеттер мындан ары дагы улантыларын белгиледи.
Долбоордун алкагында студенттердин идеяларын ишке ашырууга шарт түзүү, ишкердик лабораториясын ачуу, окуу программаларын жаңылоо, стартап демилгелерин жеке сектор менен колдоо жана ментордук кызматтарды көрсөтүү башкы багыттар катары белгиленген.
Кыргызстандын Улуттук Эразмус+ кеңсесинин өкүлү Нургүл Касенова Эразмус+ программасындагы долбоор түрлөрү, максаттары, тапшыруу шарттары, ишке ашыруу мөөнөтү жана актуалдуу жарыштар тууралуу катышуучуларга кеңири маалымат берди. Ал академиялык кызматкерлердин ар кайсы өлкөлөр менен биргелешкен долбоор даярдоо жөндөмүн арттыруусу, эл аралык тажрыйба топтоосу үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.
Иш-чара суроо-жооп бөлүмү менен жыйынтыкталды.
Эразмус+программасы тууралуу кеңири маалыматты https://e-lab.manas.edu.kg сайтынан алууга болот.