Фуля Өзтүрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин студенттери менен жолукту


  • 2025-12-02

2025-жылдын 2-декабрында белгилүү алып баруучу, журналист Фуля Өзтүрк «Манас» университетине келип, коммуникация факультетинин студенттери менен жолугушту.

Фуля Өзтүрк жолугушуунун алкагында коммуникация факультетинин Артыкпай Сүйүндүков атындагы кино залындамаектешүү жүргүздү. Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, Коммуникация факультетинин деканы, профессор Бесим Йылдырым менен катар окутуучулар жана студенттер катышты.

«Манас» университетинде болгонума абдан кубанычтамын!»

Өзтүрк сөзүн «Манас» университетин жана студенттик шаарчанын атмосферасын мактоо менен баштап, Теңир-Тоонун этегинде жайгашкан «Манас» университетинде болгонуна абдан кубанычта экенин билдирди.

Ошондой эле ал университеттин өнүккөн инфраструктурасын жана жаңычыл концепциясын мактап, КТМУнун күчтүү технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн баалап, ректор, профессор Алпаслан Жейланды жетишкен ийгиликтери менен куттуктады.

Студенттерге кесип боюнча кеңештер: «Туура кесип тандоо – ийгиликке жол ачат»

Студенттер менен маек куруп жатып, кесиптик тажрыйбаларынан мисалдар менен бөлүшкөн Фуля Өзтүрк коммуникацияга байланышкан адистиктин кандай жоопкерчиликтерди талап кылаарына көңүл бурду. Өзтүрк туура кесип тандоо адамдын жашоодогу ийгилигине түздөн-түз таасир этерин баса белгилеп, коммуникация тармагында ишеничтүү маалымат чогултуу, жүрүм-турум этикасы жана тайманбастык абдан маанилүү экенин айтты. Карьераны пландаштырууда кымындай бөлүктөрдүн да өзү чоң айырма жарата аларын белгилеген Өзтүрк түрк дүйнөсүндө коммуникация жана медиа тармагы тез күчөп жатканын айтып, жаштар бул багытта олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ боло аларын белгиледи.

«Татыктуу адам болууну унутпагыла»

Фуля Өзтүрк маекте өзгөчө кесиптик ийгиликтен мурда түз, ыймандуу жана татыктуу адам болуу керек экенин баса белгиледи. Өзтүрк «Журналистика — жаңылык айтуудан кыйла чоң түшүнүк; адамдын тарыхын түшүнүү, чындыкты издөө жана коом үчүн туура нерсени жеткирүү болуп саналат” — деп, айрыкча кабарчы үчүн адамдарды терең түшүнө билүү, кесибин сүйүү жана жумушун жан аябастан аткаруу эң негизги талаптар экенин баса белгиледи.

Өзтүрк ийгилик бир гана кесиптик компетенттүүлүк менен өлчөнбөй турганын айтып, адамдын жүрүм-туруму, мүнөзү жана коомго кошкон салымы менен бааланарын билдирди. Ал студенттерге: «Кандай наамыңар болбосун, баарынан мурда татыктуу адам болууну унутпагыла» деп билдирди.

Студенттерге чоң кызыгуу жараткан иш-чара суроо–жооп бөлүгү менен уланды. Студенттер кызыккан суроолорун берип, Фуля Өзтүрктөн медиа тармагындагы акыркы өнүгүүлөр, кесиптик кыйынчылыктар жана журналисттик этика боюнча ой-пикирлерин алышты.

Өзтүрк маектин аягында «Манас» университетинин студенттери билимдүү, аң-сезими жогору жана өздөрүн өнүктүрүүгө умтулган  студенттер экенин баса белгиледи.

Ал эми студенттер Фуля Өзтүрктүн бөлүшкөн ой-пикирлери аларды шыктандырып, кесиптик тажрыйбаларынын өздөрүнө багыт бергенин жана байланыш тармагындагы мотивацияларын күчөткөнүн айтышты. Айрым студенттер Өзтүрктүн «адамдарды түшүнө билүү жана жумушуңду сүйүп жасоо» деп басым жасаган ою эң маанилүү билдирүү болгонун белгилешти.

Иш-чаранын соңунда белгилүү алып баруучу, журналист Фуля Өзтүрккө жүргүзгөн маеги үчүн ректор, профессор Алпаслан Жейлан тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/EFJnenQf6r8?si=eVasw4AP9IbxQMBr

Manas TV'de Fulya Öztürk İle Söyleşi:

https://youtu.be/dN66OEw2PuA

    Социалдык медиада бөлүшүү