КТМУ өнөктөш болгон 23-Эл аралык Спорт илимдери конгресси башталды


  • 2025-12-04

2025-жылдын 1–4-декабрь күндөрү аралыгында Ататүрк университети жана Эрзурум техникалык университети уюштуруп жаткан 23-Эл аралык Спорт илимдери конгресси өтүп жатат.

Конгресске Түркиянын ар кайсы университеттеринен окумуштуулар, ошондой эле чет өлкөлөрдөн келген көптөгөн изилдөөчүлөр катышып, спорт илимдери багытындагы жаңы жана заманбап академиялык иштери менен бөлүшүшүүдө.

Ачылыш программасына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан катышкан проректор, профессор Исмет Алтынташ, катышуучуларга акыркы төрт жылдан бери QS дүйнөлүк рейтингинде алдыңкы миңдиктен орун алып келе жаткан "Манас" университетинир ректору, профессор  Алпаслан Жейландын саламын жолдоду. Алтынташ, сөзүндө университеттин Түрк дүйнөсүндөгү ордуна жана маанисине токтолуп, иш-чараны колдогон бардык мекемелерге жана окумуштууларга ыраазычылык билдирди. Ал сөзүн кыргыз тилинде "Баарыңыздар жакшы калыңыздар",- деп аяктады.

Ачылыштан кийин профессор Алтынташ: Ататүрк университетинин ректору профессор Ахмет Хажимүфтүоглуна, Эрзурум Техникалык университетинин ректору профессор Бүлент Чакмакка, Байбүрт университетинин ректору профессор Мутлу Түркмөнгө жана Конгрессти уюштуруу комитетинин төрагасы профессор Фикрет Сойерге, кыргыз маданиятын чагылдырган ак калпак жана саймалуу таш түшүрүлгөн кийиз белек тапшырды.

23-Эл аралык Спорт илимдери конгресси панелдер, баяндамалар жана иш-чаралар менен 4-декабрга чейин уланат.

    Социалдык медиада бөлүшүү