Министрдин орун басары Мадаминов «Манас» университетине келди


  • 2025-12-19

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарaлы Мадаминов 2025-жылдын 18-декабрында коштогон делегациясы менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан министрдин орун басары Аскарaлы Мадаминовду жана анын делегациясын университетте кабыл алгандыгына кубанычта болгонун билдирип, «Манас» университети сапаттуу билим берүү, илимий изилдөөлөр жана маданий ишмердүүлүк аркылуу улуттук жана эл аралык деңгээлде абройлуу орунга ээ экенин белгиледи.

Жолугушууда маданият, маалымат жана жаштар саясаты багыттарында ишке ашырыла турган биргелешкен долбоорлор, ошондой эле учурдагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуулар болду. Аталган жолугушуу маанилүү талкуулардын негизинде жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү