2025-жылдын 23-декабрында Спорт академиясынын ректору Эрмек Тукеев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
Ректоратта өткөн жолугушууга биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Исмет Алтынташ, профессор Камалбек Карымшаков жана башкы катчы Фатих Рамазан Истанбуллугил катышты.
Жолугушуунун алкагында "Манас" университетинин Спорт илимдери факультетинде жүргүзүлүп жаткан академиялык жана спорттук иштер тууралуу маалымат берилди. Университеттин аймагында жайгашкан Салттуу спорт оюндары аянты тааныштырылып, бул багытта ишке ашырылып жаткан жана келечекте пландалган долбоорлор талкууланды.
Жолугушууда салттуу спорт түрлөрүн сактоо, өнүктүрүү жана келечек муундарга өткөрүп берүү максатында биргелешкен иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Студенттердин активдүү катышуусу менен университеттин ичинде жана университеттер аралык деңгээлде салттуу спорт оюндарына арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча багыттар талкууланды..
Жолугушуу өз ара белек тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.