2025-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, урматтуу Медер Абакиров Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
Жолугушууга КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Исмет Алтынташ, профессор Камалбек Карымшаков жана башкы катчы Фатих Рамазан Истанбуллугил катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров "Манас" университетинин Кыргызстандын илим, маданият жана билим берүү тармагындагы өзгөчө ордун белгиледи. Ал 2026-жылы ишке ашырылышы пландалган биргелешкен долбоорлордун жана кызматташуулардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги "Манас" университетине ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Ошондой эле Медер Абакиров "Манас" университетинин 30 жылдык мааракесине карата Кыргыз улуттук филармониясында өткөн салтанаттуу иш-чарадан чоң таасир алганын айтып, бул программа университеттин Түрк дүйнөсүндөгү абройлуу ордун дагы бир ирет даана көрсөткөнүн белгиледи.
Өз кезегинде КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан акыркы 30 жыл ичинде Борбор Азияда илим, маданият жана достуктун көпүрөсүн куруп келген Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түрк дүйнөсүнүн бренд университети болуу миссиясын ишенимдүү улантып жатканын айтты.
Жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.