Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) ректорлугу тарабынан уюштурулган 2026-жылга карата Жаңы жылдык иш-чаралардын алкагында "Манас" үй-бүлөсүнүн эң кичүү мүчөлөрү — балдар үчүн өзгөчө майрамдык жолугушуу өткөрүлдү.
2025-жылдын 23-декабрында ректоратта өткөн иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Исмет Алтынташ, профессор Камалбек Карымшаков жана башкы катчы Фатих Рамазан Истанбуллугил катышты. Майрамга "Манастын" балдары жана алардын ата-энелери да келди.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана университеттин жетекчилиги балдардын жана ата-энелердин Жаңы жылын куттуктап, конокторго белектерин тапшырышты. Жылуу жана шаңдуу маанайда өткөн программада балдар Жаңы жылга карата тилектерин айтып, ырларды окуп, майрамдык ырларды аткарышты.
Шаңдуу иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.