Кыргыз-Түрк “Достук” мамлекеттик ооруканасынын дарыгерлери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болду


  • 2026-01-15

Анкарадагы Музыка жана көркөм өнөр университети менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Орхун алмашуу программасы ийгиликтүү улантылып келет. Бул программанын алкагында Анкарадагы Музыка жана көркөм өнөр университетинин визуалдык искусство  бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Хайрунниса Кики Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинин Живопись бөлүмүндө бир семестр билим алды.

Хайрунниса Кики программа учурунда жараткан эмгектеринин ичинен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» (Кызыл жоолук жалжалым) чыгармасынан шыктанып тарткан сүрөтүн окуу мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын макамында болуп, ага белек кылды.

Жолугушуу учурунда Хайрунниса Кики «Манас» университетинде билим алуу процесси ал үчүн абдан натыйжалуу болгонун белгиледи. Ал окуу жайдын сапаттуу билим берүү чөйрөсүнө, окутуучулардын колдоо көрсөткөн мамилесине жана студенттер үчүн түзүлгөн жатаканалардын ыңгайлуу шартына жогору баа берип, ыраазычылыгын билдирди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Хайрунниса Кикиге баалуу белеги үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жөн гана жогорку окуу жай эмес, бүткүл түрк дүйнөсүн бириктирген орток илимдин жана маданияттын көпүрөсү экенин баса белгиледи.

    Социалдык медиада бөлүшүү