«Анадолу» Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейи салттуу түрдө өткөрүп келген Карьера күнү иш-чарасынын алкагында окуучулар менен жолуккан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан убада кылган фотосүрөт тартуу боюнча окуу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Басма сөз жана коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан ийгиликтүү уюштурулду.
Жалпысынан 14 саатка созулган окуу программасында окуучуларга фотосүрөт тартуунун негизги принциптери, жарыкты туура колдонуу, кадр түзүү жана визуалдык баяндоо ыкмалары боюнча теориялык жана практикалык билимдер берилди.
Окуу программасын ийгиликтүү аяктаган окуучулар 2026-жылдын 16-январында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейланды кызматтык бөлмөсүндө зыярат кылышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ректор окууну ийгиликтүү бүтүргөн окуучуларга фотоаппараттарды белек кылып, жаштардын чыгармачылык жана кесиптик өнүгүүсүнө колдоо көрсөттү.
Окуучулар берилген билим мүмкүнчүлүгү жана белек кылынган фотоаппараттар үчүн профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирип, окуу программасына болгон канааттанууларын айтышты.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө «Манас» университети илим, билим жана технология тармактарында жаштардын өнүгүүсүн колдоону негизги максат катары көрөрүн белгилеп, келечектин сапаттуу кадрларын даярдоого багытталган мындай окуу программалары мындан ары да улантыларын айтты.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети жаштарга багытталган билим берүү жана социалдык жоопкерчилик долбоорлору аркылуу билимге, искусствого жана технологияга жол ачкан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууну улантууда.