КТМУнун Туризм факультетинде «Карьера күнү» иш-чаралары башталды


  • 2026-01-28
Студенттер окуусун аяктагандан кийин жумуш ордуна орношуусуна колдоо көрсөтүүнү жана иш дүйнөсү менен болгон кызматташтыкты окуу процессинин маанилүү бөлүгү катары караган  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Туризм факультетинин студенттери үчүн «Карьера күнү» иш-чарасы уюштурулду. Иш-чара студенттердин келечектеги кесиптик жолун туура пландап, жумуш чөйрөсүнө даяр болууга багытталды.
 
Касым Тыныстанов атындагы конференция залында өткөн иш-чаранын ачылышына КТМУнун проректору, Исмет Алтынташ, Туризм факультетинин окутуучулары, Түркиянын алдыңкы мейманкана жана туризм ишканаларынын өкүлдөрү жана студенттер катышты.
 
Программанын жүрүшүндө Түркиянын алдыңкы мейманкана жана туризм ишканаларынын өкүлдөрү студенттерге туризм тармагындагы карьералык мүмкүнчүлүктөр, практикадан өтүү шарттары жана жумушка орношуу жолдору тууралуу кеңири маалымат беришти. Бул жолугушуулар студенттердин практикалык тажрыйбасын кеңейтип, кесиптик билимин бекемдөөгө шарт түздү.
 
Жекече карьералык жолугушуулар өткөрүлдү
 
Иш-чаранын алкагында студенттер мейманкана өкүлдөрү менен жекече жолугушуп, өздөрүнүн карьералык максаттары тууралуу суроолорун берип, пайдалуу кеңештерди алышты. Ошондой эле студенттер Түркиянын белгилүү мейманканаларында практикадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматка ээ болушту.
 
«Карьера күнү» иш-чарасы КТМУнун практикага багытталган билим берүү саясатын бекемдеп, Кыргызстан менен Түркиянын туризм тармагындагы кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
 

КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ

    Социалдык медиада бөлүшүү