Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) Рамазан айына арналган иш-чаралар «Көңүлдөн акыйкатка» темасындагы суфий музыкасы концерти менен улантылды.
Концертке Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин уулу Гандилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкек шаарындагы өкүлү Тахир Осман Тахир, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Исмет Алтынташ, окутуучулар, административдик кызматкерлер жана көптөгөн студенттер катышты.
Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмүнүн окутуучусу Гөкхан Усалдын жетекчилиги менен даярдалган концерттик программада: канунда - Гөкхан Усал, нейде - академиялык адис Фатих Эренлер, багламада - окутуучу Нежип Йылгын, гитарада жана бендирде - Бишкек түрк башталгыч мектебинин музыка мугалимдери Уфук Баш менен Шафак Баш сахнада өнөр көрсөттү .
Диний ырлар менен катар элдик ырлар да камтылган бул программанын аягында Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин уулу Гандилов өнөр көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, аткарылган ырлар жүрөккө жеткенин айтты. Ал:«Силер ырдаган ырлар биздин Жаратканга болгон сүйүүбүздү жана урматыбызды дагы да терең багыттоого себеп болду. Рамазан айында уккан бул руханий чыгармалар жан дүйнөбүздү тазалап, жүрөгүбүздү тынчтыкка толтурду», - деди.
Ал эми КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Йунус Эмренин «Sordum Sarı Çiçeğe» ырындагы «Anam babam topraktır» деген саптарына токтолуп, топурактан жаралып кайра топуракка айланаарыбызды баса белгилеп, адам өзүнүн маңызын жана жоопкерчилигин билиши керектигин айтты.