Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында Мамлекеттик Бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын ардагерлер союзунун демилгеси менен окуу жайыбыздын өнөктөштүгүндө жаштар арасында баңгизатка көз карандылыкты алдын алуу жана сергек, активдүү жашоо образын калыптандыруу максатында “Баңгизатка каршыбыз, сергек жашоону тандайбыз” аттуу интерактивдүү семинар уюштурулду.
Семинарды Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын полковниги Нурбек Жээнбеков өтүп, студенттерге баңгизаттын зыяндуулугу жана андан коргонуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берди. Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын полковниги Жээнбеков өз сөзүндө жаштардын ден соолугу барган сайын начарлап баратканына токтолуп: “Мурун инсульт, инфаркт оорулары 60 жаштан өткөндөрдө кездешсе, азыр бул көрсөткүч 30-40 жаштарга түшүп калды. Мунун бирден-бир себеби - туура эмес тамактануу жана сергек жашоо образынын калыптанбашы. Спорт бизге кандай артыкчылык алып келерин башкаларга жеткиргиле, өзүңөрдү карагыла, баңгизаттардан алыс болгула, башкаларды да үндөгүлө”, — деп сөзүн жыйынтыктады. Полковник Нурбек Жээнбеков баңгизатка каршы күрөшүүдө студенттердин ролу чоң экенин белгилеп, бул багытта алардан көмөк күтө тургандарын айтып өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө практикалык бөлүм катары дене көнүгүүлөрү жасалып, студенттер тема боюнча өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ