Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз үйүндө студенттерге ооз ачырды


  • 2026-03-04

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Рамазан айына карата ар кайсы өлкөлөрдөн жана факультеттерден келген студенттерди ооз ачар дасторконуна чакырып, үйүндө конок кылды. Иш-чарага жалпы студенттердин атынан чакырылган коноктор катышып, жолугушуу жылуу жана үй-бүлөлүк маанайда өттү.

Ооз ачар программасында студенттер ректордун үйүнө конок болуу мүмкүнчүлүгүнө жана меймандостугу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Ар кайсы аймактардан келген студенттер өз өлкөлөрүндө Рамазан айы кандай өткөрүлөрү тууралуу айтып берип, маданий өзгөчөлүктөрү менен бөлүшүштү.

Маектешүү маалында профессор Алпаслан Жейлан балалык кезинде өткөргөн Рамазан айын эстеп, муундан-муунга өтүп келе жаткан руханий баалуулуктардын маанисине токтолду. Ал түрк дүйнөсүнүн жаштары чоң жана бекем үй-бүлөнүн уул-кыздары экенин баса белгилеп: «Биримдиктен күч жаралат. Силер бир максаттын айланасында бириккен чоң үй-бүлөнүн мүчөлөрүсүңөр», – деп биримдик жана ынтымакка чакырды.

    Социалдык медиада бөлүшүү