Университетибизде жарык көргөн илимий журналдардын учурдагы абалы, индекстерге тапшыруу процесстери жана өнүгүү стратегиялары каралып, онлайн жыйын уюштурулду.
Университетибиздин Илимий журналдарды баалоо жана өнүктүрүү комиссиясы тарабынан КТМУда жарыяланган илимий журналдардын учурдагы абалы бааланып, улуттук жана эл аралык индекстерге тапшыруу процесстери каралып, журналдардын академиялык көрүнүктүүлүгүн жогорулатууга багытталган стратегияларды бөлүшүү максатында атайын онлайн жыйын өткөрүлдү. Жыйынга журналдардын башкы редакторлору жана комиссиянын мүчөлөрү менен катар, көп жылдардан бери илимий журнал чөйрөсүндө иш алып барып, редактордук жана жарыялоо кеңеш мүчөлүктөрү аркылуу академиялык басмаканалык процессинде маанилүү тажрыйбага ээ болгон Ататүрк университетинин Ветеринария факультетинин деканы, профессор Мустафа Синан Акташ катышты.
Жыйындын жүрүшүндө академиялык журналдардын улуттук жана эл аралык индекстерге тапшыруу процесстери, индекстер сунуш кылган академиялык жана техникалык сапат критерийлери, туруктуу жарыялоо саясатын түзүү жана уюмдук академиялык басмаканалык тажрыйбалар боюнча кеңири баалоо жана маалымат бөлүшүү жүргүзүлдү.
Академиялык журналдардын эл аралык аренада көрүнүктүүлүгүн жогорулатуу, жарыялоо сапатын жогорулатуу жана улуттук жана эл аралык индекстерге тапшыруу процессинде эске алынуучу негизги критерийлер боюнча баалоолорду жүргүзгөн профессор Акташ уюмдук кызматташтыкты өнүктүрүү жана редактордук процесстерди натыйжалуу жана туруктуу башкаруу боюнча ой-пикирлери менен сунуштарын катышуучулар менен бөлүштү.
Жыйын катышуучулардын суроо жана пикирлерин алуу менен жыйынтыкталды.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ