"Манас" университетинин академиялык кызматкерлерине Санарип китепкана семинары өткөрүлдү


  • 2026-03-09

2026-жылдын 24-февралынан 6-мартына чейин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде университеттин бардык академиялык кызматкерлерине арналган китепкананын электрондук ресурстарын пайдалануу боюнча тааныштыруу семинарлары өткөрүлдү.

Семинарлар университеттин Китепкана жана документтештирүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, башкармалыктын башчысы Максатбек Ынакбеков тарабынан өткөрүлдү.

Семинарда катышуучуларга университетке жеткиликтүү болгон электрондук маалымат базалары, электрондук каталог системасы, VETIS системасы, «Cep Kütüphanem» мобилдик тиркемеси, AXSİS системасы жана «Түркстан жыйнагы» маалымат базасы, ошондой эле илимий макалаларды издөө ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, эл аралык маалымат платформаларына жетүү мүмкүнчүлүктөрү, санарип ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана EIFL китепкана консорциумунун долбоорлору жөнүндө да маалыматтар сунушталды.

Семинар интерактивдүү суроо-жооп бөлүгү менен жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү