Миңдеген жүрөк, бир дасторкон: КТМУда салттуу ачык асман алдында ооз ачуу


  • 2026-03-09

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунда беш жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан салттуу ачык асман алдында ооз ачуу программасында болжол менен сегиз миң адам бир дасторкондо чогулду. Иш-чарага министрлер, элчилер, мамлекеттик жетекчилер, окутуучулар жана студенттер катышып, Рамазан айынын бөлүшүү жана ынтымак рухун бир дасторкондо чогуу сезишти.

"Миңдеген жүрөк бир дасторкон, бир кампуста" урааны менен уюштурулган иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчанын "Республика" көчөсүндө жайылган узун дасторкондордо өткөрүлдү. Миңдеген коноктор Рамазан айынын бөлүшүү жана ынтымак рухун бирге сезишти.

Түрк дүйнөсү бир дасторкондо чогулду

"Манас" университетинде быйыл бешинчи жолу өткөрүлгөн салттуу ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы дипломатиялык өкүлдөрдөн тартып мамлекеттик жетекчилерге, бюрократтарга жана студенттерге чейин жалпы сегиз миң адамдын катышуусунда өттү.

Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун "Республика" көчөсүндө өткөн саамалыкка Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Азербайжандын Бишкектеги элчиси Латиф Сейфеддин оглу Гандилов, Монголиянын Бишкектеги элчиси Ганхуяг Содном, Афганистандын Бишкектеги элчиси Абдул Шакур Хакани, Казакстандын Бишкектеги элчилигинин биринчи катчысы Рапил Жошубаев, элчиликтердин кеңешчилери жана кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү,  жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Дамирбек Осмонов, КТМУнун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров, Түркиянын Бишкектеги элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осмон Тахир, университеттин ректорлору, депутаттар, ТИКАнын төрагасынын орун басары Бугра Айдын, ТИКАнын Бишкектеги программалык координатору Мехмет Бодур, Режеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын кызматкерлери, «Аталар изи» коомдук фондунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер, жалпыга маалымдоо  каражаттарынын  өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында кампуста түрдүү маданий программалар уюштурулуп, сый-тамактар даярдалды. Иш-чара өткөн жер Түркия жана Кыргызстандын желектери менен кооздолуп, орнотулган жарыктандыруулар "Республика" көчөсүнө Рамазан айына мүнөздүү өзгөчө руханий атмосфераны тартуулады. Кампустун аймагында уюштурулган 12 өзүнчө тамак таратуу пунктунда өткөрүлгөн ооз ачар иш-чарасынын алкагында 8 миң адамга ооз ачар тамагы берилди

Чыңгыз Айтматов кампусунда Рамазандын берекеси

Иш-чара өткөрүлгөн жерде Түркия жана Кыргызстандын желектери менен кооздолуп, жасалган жарыктандыруулар "Республика" көчөсүнө Рамазан айына мүнөздүү өзгөчө маанай тартуулады. Ооз ачуу алдында дубалар кылынып, азан айтылгандан кийин миңдеген адамдар бир убакта ооздорун ачышты.

Иш-чарада студенттер жана коноктор үчүн атайын сүрөткө түшүүчү жайлар даярдалып, Рамазан айынын салтын уланткан "тиш акы" белектери таратылды. Катышуучуларга ар түрдүү сый тамактар менен катар түрк ашканасынын салттуу даамдарынын бири болгон "Османлы мажуну" да сунушталды.

Конокторго арналган “Тиш акысы” белеги

Иш-чарада Рамазан маданиятынын маанилүү салттарынын бири болгон “тиш акысы” салты жанданды. Белектер студенттерге жана конокторго таратылып, Осмон доорунан бүгүнкү күнгө чейин жеткен бул маанилүү салтты символдоштурган чакан белектер таратылды.

Осмон коомунда ооз ачууга чакырылган конокторго үй ээсинин ыраазычылыгын билдирүү максатында берилген белектер “тиш акысы” деп аталган. Коноктор ооз ачуу үчүн дасторкондо отуруп, берекесин арттырганы үчүн берилген бул белектер Рамазан айындагы бөлүшүү жана көңүл алуу маданиятынын маанилүү бөлүгү катары кабыл алынат.

Бул салт Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлгөн ачык асман алдында ооз ачууда жанданып, Рамазан айынын маданий мурасына көңүл бурулду. Студенттерге жана конокторго таратылган “тиш акысы” белектери аркылуу түрк-ислам салтынын үлгүсүн тажрыйбада көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ачык асман алдындагы ооз ачуу саамалыгына даярдыктар бир нече күн мурда башталды

Салттуу ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы үчүн даярдыктар бир нече күн мурда башталды. Университеттин жетекчилиги, академиялык жана административдик кызматкерлердин, студенттердин биргелешкен эмгеги менен жүргүзүлгөн даярдык иштеринин жүрүшүндө кампус чоң ынтымак жана тилектештик атмосферасына күбө болду.

100 жылдык Республика көчөсүнө жайыла турган ооз ачууга арналган дасторкондорду даярдоодон тартып, тамак-аш уюштурууга, иш-чара өтө турган аянтты иреттөөгө жана конокторду тосуп алууга чейин көптөгөн этаптар кылдаттык менен пландалды. Даярдык иштеринин алкагында кампустун ар түрдүү бөлүмдөрүнөн кызматкерлер жана ыктыярчы студенттер даярдыктарга активдүү салым кошушту.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан да даярдык иштерин жакындан көзөмөлдөп, ооз ачуу саамалыгы өткөрүлө турган аймактагы жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде карап чыкты. Дасторкондордун жайгаштырылышынан тартып тамак-аштын даярдалышына чейинки бардык этаптарды жеке өзү текшерген ректор уюштуруунун эч кандай көйгөйсүз өтүшү үчүн тиешелүү бөлүмдөр менен координацияда иш алып барды.

 

Ректор Жейлан коноктор менен өз-өзүнчө баарлашты

Ооз ачуу программасынын жүрүшүндө КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан коноктор менен жакындан баарлашып, студенттер жана катышуучулар менен сүйлөшүп, алардын Рамазан айы менен куттуктап, эстеликке сүрөткө түштү.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан иш-чарада жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө берген маегинде Рамазан айынын биримдик, бөлүшүү жана тилектештик рухуна өзгөчө көңүл бурду.

Ректор Жейлан “Манас” университетинде уюштурулган салттуу ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы жыл сайын кеңейип жатканын белгилеп, быйыл бешинчи жолу өткөрүлгөн иш-чарага көп сандаган адамдар катышканын айтты. Алгачкы жылдары болжол менен 1300 адамдын катышуусу менен башталган ооз ачуу саамалыгы бүгүнкү күндө 8 миң адамды бир дасторкондун айланасына чогултуп жатканын белгилеген ректор бул берекелүү дасторкондун жыл сайын кеңейип, барган сайын көбүрөөк адамдарды бириктирип жатканы чоң кубаныч тартуулап жатканын билдирди.

Профессор Алпаслан Жейлан университеттин ар кайсы аймактардан келген студенттерди бириктирген өзгөчөлүгүнө көңүл буруп: «Студенттерибиз Кыргызстандан, Түркиядан жана Түрк дүйнөсүнүн ар кыл аймактарынан келишет. Алар эмгекчил жана ийгиликтүү жаштар гана эмес, ошол эле учурда адеп-ахлактуу жана баалуулуктарына бекем болгон инсандар. Бүгүн бул жерде жаралган биримдиктин жана боордоштуктун атмосферасы ушул түшүнүктүн эң мыкты үлгүлөрүнүн бирин баарыбызга таасын көрсөттү», – деп белгиледи.

Профессор Алпаслан Жейлан Рамазан айы бою университетте бардык студенттерге акысыз ооз ачуу тамактары берилерин, бул иш-чара кайрымдуулардын жана университеттин окутуучуларынын колдоосу менен уюштурулганын да баса белгиледи.

Программага катышкан коноктор жана студенттер «Манас» университетинде Рамазан айынын өзгөчө руханий атмосферасына күбө болгондоруна кубанычта экендигин билдиришип, университеттин ар түрдүү маданияттарды бириктирген уникалдуу өзгөчөлүгүн баса белгилешти.

КТМУда Рамазан айына карата иш-чаралар уланат

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Рамазан айы башталгандан бери руханий маанайды жанданткан ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келет. Университеттин жетекчилиги тарабынан Рамазан айы бою студенттерге күн сайын акысыз ооз ачуу тамактары тартууланып, маданий иш-чаралар, социалдык жоопкерчилик программалары жана студенттерди бириктирген ар түрдүү иш-чаралар аркылуу бөлүшүү жана ынтымак руху кампуста жанданып келет.

Бул алкакта 2026-жылы өткөрүлгөн салттуу ачык асман алдында ооз ачуу Рамазан айынын тынчтыгын жана берекесин сездирип, миңдеген адамдарды бир дасторкондо бириктиип, биримдик жана боордоштук сезимдерин бекемдөөгө себеп болду.

КТМУда Рамазан айына карата пландалган иш-чаралар уланат.

    Социалдык медиада бөлүшүү