Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурасы болгон Нооруз майрамын мазмундуу программа менен белгиледи. Маданият жана конгресс борборунда өткөн иш-чаралар салттуу ырым-жырымдардан баштап сахналык көрсөтүүлөргө чейин кеңири форматта уюштурулуп, катышуучуларга унутулгус көз ирмемдерди тартуулады.
Нооруз майрамына арналган иш-чарага Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси док. Мекин Мустафа Кемал Өкем, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, док. Фатих Рамазан Истанбуллугил, Азербайжан Элчилигинин кеңешчиси Зүлфугар Танарверди, Түркмөнстан Элчилигинин экинчи катчысы Бахар Бердиева, Эрзурум Олгунлашма институтунун директору Фатма Ташбашы жана институт өкүлдөрү, ар кандай мекеме жана уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар, студенттер, коноктор жана журналисттер катышты.
Салттуу оюндар жана көргөзмө менен коштолгон Нооруз шаңы
Программа университеттин Маданият жана конгресс борборунун кире беришинде уюштурулган спорттук иш-чаралар, салттуу оюндар жана мелдештер менен башталды. Күрөш, ашык оюну, кол күрөш, аркан тартыш, мангала жана тең салмак оюндары сыяктуу салттуу оюндар көрсөтүлүп, коноктор да катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле, көркөм өнөр факультетинин фойе бөлүгүндө уюштурулган көргөзмөдө Нооруздун жаңылануу, өндүрүмдүүлүк жана маданий туруктуулук сыяктуу маанилери чагылдырылып, түрк дүйнөсүнүн салттуу искусствосу жана маданий баалуулуктары көрүүчүлөргө сунушталды.
Нооруздун мааниси ырым-жырымдар жана сахналык көрсөтүүлөр менен жанданды
Нооруз майрамына арналган иш-чаранын алкагында түрк дүйнөсүнүн байыркы маданий мурасын чагылдырган көркөм көрсөтүүлөр да орун алды. “Манастын кыздары” аттуу бий тобунун бийи менен башталган сахналык программа Нооруздун табият менен, эмгек менен жана коомдук ынтымак менен түзгөн бекем байланышын чагылдырган ар түрдүү көркөм номерлер менен уланды.
Иш-чаранын алкагында Баба Дыйкан буудайды жерге себүүнү символдук түрдө аткарып, берекенин жана эмгектин маанисин чагылдырды. Умай эненин тилектери жана сүмөлөк таратуу аркылуу бөлүшүү жана биримдик сезими даңазаланды. Программада кошумча “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, түрк дүйнөсүнүн оозеки маданий мурастары эске салынды.
Сахналык программа салттуу айтыш өнөрү, ат оюндары жана түрк маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон Көк бөрү оюну менен уланды.
Түрк дүйнөсүнүн маданияты кийим көргөзмөсү жана концерт менен даңазаланды
Майрамдык салтанаттын алкагында Эрзурум Олгунлашма институту тарабынан даярдалган кийим көргөзмөсү көрсөтүлдү. Эрзурумдун маданий мурасынын маанилүү бөлүгү болгон «эхрам» кездемесинен шыктануу менен жасалган коллекцияда салттуу токуу ыкмалары заманбап дизайн менен айкалышкан өзгөчө эмгектер тартууланды. Жүн жиптен колго токулган, өзгөчө Эрзурум аялдарынын күнүмдүк турмушунда жана маданий өзгөчөлүгүндө чоң орун ээлеген "эхрамдын" эстетикасы Нооруз шаңы менен айкалышты. Түрк дүйнөсү жана Нооруз темасында даярдалган жалпысынан 30 өзгөчө дизайн орун алган бул мода көрсөтүүсү салттуу мотивдердин заманбап мода багытында кайрадан жаралуусу катары жогорку баага татыды.
Көргөзмөдөн кийин концерттик программа тартууланды. Түрк дүйнөсү оркестри катышкан иш-чарада «Дастан» жана «Жетиген» комузчулар тобунун «Комуз айтышы» өзгөчө кызыгууну жаратты. Ошондой эле, монголдордун «Swag» бий тобу, Түрк элдик бийлеринин «Хорон» тобу жана заманбап бий топтору өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Солисттер Азат Садыков, Гүлзина Манапова, Элмира Тажиева жана Мехмет Акиф Арслан аткарган чыгармалары менен Нооруз шаңына өзгөчө көрк кошушту.
Элчи Өкем: «Нооруз — кайра жаралуунун жана жаңылануунун символу»
Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Мустафа Кемал Өкем Нооруз бир гана мезгилдин алмашуусу эмес, ошол эле учурда коомдук жана маданий жаңыланууну туюнтарын, бул өзгөчө күн үмүттүн, кайра жаралуунун жана жаңы башталыштардын символу экенин баса белгиледи. Кыргыз поэзиясына шилтеме берген элчи ырдагы күчтүү образдар Нооруздун рухун чагылдырарын айтып: «Нооруз — бул кайра жаралуу, жаңы башталыш. Жаңы эле уккан кыргыз ырында айтылгандай, “Жарылсын жер, от чыксын ичинен” деген сөздөр бул рухту эң сонун сүрөттөп турат», — деди.
Ректор Жейлан: «Нооруз — Түрктүн майрамы»
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Нооруз түрк маданиятынын тамыры терең бөлүгү экенине токтолуп, кээ бир коомдордун башкалардын маданий баалуулуктарын өздөштүрүп алуу аракеттери тууралуу пикирин билдирди. Профессор Жейлан: «Биздин айраныбызга, "пахлавабызга", атүгүл Ноорузга да ээлик кылгысы келгендер бар. Бирок Нооруз — түрк элинин майрамы», — деп баса белгиледи. Ректор Нооруз түрк дүйнөсүндө биримдикти, ынтымакты жана орток иденттүүлүк аң-сезимин бекемдеген баалуулук экенин айтып, мындай иш-чаралар маданий мурастарды сактоо жана келечек муундарга өткөрүп берүү жагынан чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.
Акйылдыз: «Нооруз — Түрк дүйнөсүндөгү орток аң-сезимдин жана биримдиктин күчтүү чагылышы»
Ыгдыр университетинин окутуучусу Арслантүрк Акйылдыз болсо, Нооруз түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурасы экенин белгиледи. Акйылдыз Анадолудан тартып түрк географиясынын ар кайсы аймактарына чейин созулган майрамдоо салты бул программада ачык чагылдырылганын айтып: «Түрк дүйнөсүнүн байыркы майрамы Нооруздун Анадолуда жана түрк дүйнөсүндө кандай майрамдалганын бул жерден көрө алдык. Бул көрүнүш — Исмаил Гаспыралы кыялданган биримдик идеясынын чагылышы. Халичте сүйлөнгөн түрк тилин Алтайда, Теңир-Тоодогу койчу түшүнүп жатса, демек, бул уютку сакталган дегенди билдирет. Бүгүн биз бул жерде анын далилин көрүп турабыз», — деди.
Темир уруу ритуалы унутулган жок
Нооруздун эң байыркы жана символдук каада-салттарынын бири болгон «Эргенекон» дастанына негизделген жана түрктөрдүн кайра жаралуусун, эркиндикке чыгуусун символдоштурган темир уруу ритуалы Түркиянын Бишкектеги Элчиси Мустафа Кемал Өкем менен КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан тарабынан ишке ашырылды.
Майрамдык салтанаттын соңунда ректор Жейлан Кыргыз Республикасынын Эл артисти, КТМУнун көркөм өнөр факультетинин Түрк дүйнөсү оркестринин дирижеру Рысбек Жумакуновго «КТМУнун 30 жылдык кызматы үчүн» медалын тапшырды.