КТМУда Евразия тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөө симпозиуму башталды


  • 2026-03-24

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түркия Республикасынын Ататүрк маданият, тил жана тарых боюнча Жогорку Кеңеши, Түрк тарых коому, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Анкара университетинин кызматташуусунда уюштурулган “Евразия тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөө симпозиуму” 2026-жылдын 24-мартында башталды.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн симпозиумдун ачылыш аземине Түрк тарых коомунун төрагасы, профессор Йүксел Өзген, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы док. Фатих Рамазан Истанбуллугил, Анкара университетинин Тил жана тарых–география факультетинин деканы, профессор Ирфан Албайрак, окутуучулар, түрк дүйнөсүнөн келген коноктор, студенттер жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты.

Симпозиумду уюштуруу комитетинин төрагасы жана КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык түрк дүйнөсүнө байланыштуу маселелер карала турган “Евразия тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөө симпозиуму” беш негизги багыт боюнча уюштурулганын белгилеп, иш-чара тууралуу жалпы маалымат берди.

Профессор Алпаслан Ашык тил, тарых, археология жана география башта болгон ар түрдүү тармактарды камтыган баяндамалар жалпысынан 10 отурумда бетме-бет өткөрүлө турган презентациялар аркылуу илим дүйнөсү менен бөлүшүлөрүн белгилеп, иш-чара жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана көз караштарды жаратып, орток тарых жана маданият негизинде бириккен боордош элдердин ортосундагы байланыштарды мындан ары да бекемдөөнү максат кылышканын баса белгиледи.

Жалпы маалымат берилгенден кийин “Евразия тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөө симпозиумунун” ачылыш отурум “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын төрагалыгында өттү. Жыйынга Түрк тарых коомунун төрагасы, профессор Йүксел Өзген, Анкара университетинин Тил жана тарых-география факультетинин деканы, профессор Ирфан Албайрак жана КТМУнун тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Анварбек Мокеев катышты.

“Тарых – саясатттын эң улуу мугалими”

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Зия Пашанын “Тарых – саясаттын эң улуу мугалими” деген сөзүн эске салып, тарыхтын жол көрсөтүүчү өзгөчөлүгүнө басым жасады. Профессор Жейлан: “Эң улуу мугалим – тарых; ар бир адам анын алдында үйрөнүүгө милдеттүү” деген сөздөрү менен тарыхтын коомдор үчүн маанисине көңүл бурду.

1931-жылдын 15-апрелинде Мустафа Кемал Ататүрктүн көрсөтмөсү менен түзүлгөн Түрк тарых коомунун маанисине да токтолгон профессор Жейлан мекеме түзүлгөндөн бери бир гана Түркия үчүн эмес, түрк дүйнөсү жана дүйнө тарыхы үчүн да өтө баалуу иштер аткарылып келе жатканын белгиледи. Ал иштердин ичинде өткөрүлгөн симпозиумдар менен конгресстер өзгөчө орунга ээ экенин айткан профессор Жейлан үч өнөктөштүн салымы менен ишке ашырылган бул маанилүү симпозиум тарых илимине жана түрк дүйнөсүнө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирип, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Төрага, профессор Өзген: “Түрк тарых коому 95 жылдан бери түрк жана дүйнө тарыхына салым кошуп келет”

Түрк тарых коомунун төрагасы, профессор Йүксел Өзген ачылыш жыйынында мекеменин ишмердүүлүгү, түрк дүйнөсүнө багытталган долбоорлору жана глобалдык көз карашы тууралуу маанилүү баа берди. Өзген аталган коомдун 95 жылдык мааракесине токтолуп, анын Гази Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан негизделгенин эске салды. Ал ошондой эле уюм Ататүрктүн руханий колдоосунда жана мамлекеттин жардамы менен иш алып барып жатканын, дээрлик бир кылымдан бери түрк жана дүйнө тарыхына байланыштуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатканын баса белгиледи.

Өзген Ататүрктүн “Улуу мамлекеттерди курган ата-бабаларыбыз чоң жана кеңири маданияттарга ээ болгон. Бул тууралуу изилдөө жана түрктөргө жеткирүү – биз үчүн парз” деген сөзүн эске салды жана бул түшүнүктүн уюмдун көз карашын аныктаганын белгиледи. Өзген “Түрктөргө тиешелүү из кайсы жерде болсо, Түрк тарых коому ошол издин артынан барат” деген сөздөрү менен болуп жаткан иш-чарага да басым жасады.

Өзген түрк дүйнөсүнө багытталган иштерге да токтолуп, арасында Кыргызстан да болгон аймакта түрк тарыхын жазуу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Бул изилдөөлөрдүн мекеме үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилеген Өзген, мекеменин ишмердүүлүгү тарых чөйрөсү менен гана чектелбестен, география жана археология сыяктуу тармактарда да маанилүү иштер аткарылып жатканын айтты. Мындан тышкары, мамлекеттик инсандар жана маанилүү шаарлардын өмүр баяндарына арналган китеп серияларынын да улантылып жатканын айтып өттү.

Профессор Ирфан Албайрак: “Түрк дүйнөсүндөгү кызматташтыктар келечекте конкреттүү жыйынтыктарды берет”

Анкара университетинин Тил жана тарых-география факультетинин деканы, профессор Ирфан Албайрак конференцияга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, бул факультет 1935-жылы Мустафа Кемал Ататүрктүн демилгеси менен негизделген Түркиянын алгачкы заманбап факультеттеринин бири экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө факультетте болжол менен 10 миң студент, 500гө жакын академиялык жана административдик кызматкер бар экенин, социалдык илимдер тармагында маанилүү борборго айланганын айтты. Дүйнөнүн көптөгөн тилдери окутулган бай түзүлүшү жана Түркия боюнча жүргүзүлгөн археологиялык казуулар аркылуу факультет академиялык жана маданий мурастын сакталышына чоң салым кошуп жатканын баса белгиледи. Түрк дүйнөсү менен академиялык кызматташтыктын маанисине токтолгон Албайрак, Түркиянын тажрыйбасын Кыргызстан жана Казакстан менен бөлүшүп жатканын, Түрк мамлекеттер уюму жана Түрк академиясы сыяктуу түзүмдөр күндөн-күнгө күчөп жатканын айтып, бул кызматташтыктар келечекте дагы даана жыйынтыктарды алып келет деген ишенимин билдирди.

Профессор Анварбек Мокеев: “Кыргыз элинин тарыхын түрк дүйнөсүнөн ажыратып кароого болбойт”

Отурумдун акыркы сүйлөөчүсү (спикери)  профессор Анварбек Мокеев иш-чаранын түрк дүйнөсү үчүн чоң  мааниге  ээ экендигин баса белгиледи. Ал Кыргызстанда айрыкча эгемендүүлүк  мезгилде тарыхка болгон кызыгуу акыркы жылдары  олуттуу түрдө артканын билдирди. Кыргыз элинин тарыхына байланыштуу айрым туура эмес мамилелер болуп жатканына да токтолгон Мокеев, ар кандай булактарда тарых мифологиялык ыкма менен чечмелениши мүмкүн экенин, бирок ага каршы илимий иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Кыргыз элинин тарыхын башка түрк элдеринин тарыхынан бөлүп кароо мүмкүн эместигин белгилеген Мокеев: “Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын башка түрк элдеринин тарыхынан бөлүп кароо мүмкүн эмес” – деп, “Манас” университетинде археологиялык казуулардан табылган материалдар менен кеңири археологиялык музей түзүлгөнүн жана бул Кыргызстандагы тарыхчылар үчүн күчтүү илимий база түзүлө турган изилдөөлөр жана долбоорлор жүргүзүлүп  жатканын баса белгиледи.

“КТМУнун 30 жылдык  кызмат медалы” тапшырылды

Евразия тарых, тил жана маданият изилдөөлөрү симпозиумунун ачылыш отурумунан кийин сүйлөөчүлөргө (спикерлерге) ыраазычылык сертификаттары тапшырылды. Ошондой эле симпозиумдун өнөктөштөрү жана иш-чарага салым кошкон окумуштууларды ректор, профессор Алпаслан Жейлан “КТМУ 30 жылдык кызмат медалы” менен сыйлады. Симпозиум эки күн бою 10 отурум болуп, өз тармагынын адиси болгон окумуштуулардын илимий баяндамалары жана талкуулары менен уланмакчы.

    Социалдык медиада бөлүшүү